Сүлүктүдө ымыркайын ажатканга таштап өлтүргөн окуучуга мунапыс берилди

Иллюстративдик сүрөт

Баткен облусунун Сүлүктү шаардык соту жаңы көз жарган ымыркайын өлтүргөн жашы жете элек кызга карата өкүм чыгарды.

Маалыматка ылайык, соттолгон кыз Бишкек шаарында «белгисиз» киши менен жыныстык катнашта болуп кош бойлуу болуп калган. Арадан тогуз ай өтүп кыз ата-энесинин Сүлүктү шаарындагы үйүндө эркек баланы төрөп, аны өлтүрүүнү чечкен. Кыздын ата-энесинин айтымында, алар бир нече күн үйдө болушкан эмес.

«Жаңы төрөлгөн ымыркайдын киндигин лезвия менен кесип, андан соң жуурканга ороп эч кимге билгизбестен, ажаатканага таштап салган. Ымыркай тирүү төрөлгөн. Бирок киндиги кесилип кан көп кетип, энеси эмизбегендигинин кесепетинен каза болгондугу аныкталган», — деп жазылат өкүмдө.

Кийинчерээк соттолуучунун апасы аны оор абалда Лейлек районунун борбордук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткизген. Ошол учурда кыздын көз жарганын ата-энеси билген.

Соттук отурумда соттолуучунун апасы анын кызы «жаштык кылганын» айтып, мындан ары көзөмөлгө алаарын жана кызы кылган ишине өкүнүп жатканын билдирген.

Лейлек райондук аралык соту кызды «Эненин жаңы төрөлгөн баласын өлтүрүшү» беренеси менен күнөөлүү деп таап эки жылга эркинен ажыратты. Ошол эле учурда ага карата мунапыс колдонулуп, ал абак жазасынан бошотулган.