Сутка ичинде COVID-19га чалдыккан 89 адам катталды, каза тапкандар жок

Саламаттык сактоо министрлиги өткөн сутка ичинде COVID-19у тастыкталган 89 кыргызстандык тууралуу кабарлады. Алардын ичинен 19 жана 18и Баткен жана Ысык-Көл облустарында, 14 жана 13ү Бишкекте жана Ош облусунда, 10 жана 9у Жалал-Абад жана Чүй облустарында катталган. Талас облусунда коронавирус төрт адамда, ал эми Ош шаарында жана Нарын облусунда бирден адамда аныкталган.

Алардын ичинде оору жуктургандардын төртөө медиктер — экөө Жалал-Абад жана дагы экөө Баткен облусунда катталган.

Сутка ичинде ооруканадан 222 адам айыгып чыкты, алардын ичинен 102 адам Бишкекте. Ош облусунда 27 адам, Жалал-Абад облусунда 25, Ысык-Көлдө 23, Баткенде 14, Нарында 12 жана Чүй облусунда 10 адам илдеттен айыкты. Мындан тышкары Ош шаарында 5 адам, ал эми Талас облусунда төрт адам ооруканадан сакайып чыкты.

Ооруканадан чыккандардын арасында эки медик бар.

Сутка ичинде COVID-19 жуктуруп каза тапкан учурлар катталган жок.

Пандемия башталгандан бери COVID-19дун расмий түрдө тастыкталган 44 316 учуру катталган. Алардын ичинен 39 648 адам айыккан. Каза болгондордун тизмесинде 1061 адам бар, бирок ССМ өлүм учурлары тууралуу статистикадан 400дөн ашуун учурду алып, андагы маалыматы жасалма жол менен кыскартканын эске алыш керек.

Саламаттык сактоо министрлиги коронавирус жуктурган бул адамдарда өлүмгө дуушар кылган башка да оорулары бар болчу деп көшөрүүдө. Бирок ДССУ мындай учурда өлүмгө дал ошол коронавирус себепчи деп эсептейт.