Сентябрь айынын башында эсин жоготуп жыгылып, оорукананын кайра жандандыруу бөлүмүнө жаткарылган Ташчайнар каймана аты менен таанымал Нурлан Алишеров учурда палатага которулду. Бул тууралуу анын өкүл баласы, КТКР спорт телеканалынын алып баруучусу Алымбек Адылбеков «Клоопко» билдирди.

Анын айтымында, дарыгерлер Алишеровдун микроинсульт алганын билдиришкен.

«Палатага ишемби күнү которулду. Абалы жакшы, өзү басып калды. Бирок сол капталы жакшы иштебей жатат», — деди ал.

Адылбеков социалдык тармакка жардам сурап кайрылуу жазгандан кийин кайдыгер эмес жарандар акчалай жардам берип жатканын дагы кошумчалады.

Быйыл июнь айында Алишеров ден соолугунан улам эч жакка чыга албай балдак менен басып калганы кабарланган.

Эл арасында Тайчайнар деген каймана ат менен таанылган Нурлан Алишеров 2011-жылдан тарта ар кандай конкурстарга, телешоуларга катышып эл оозуна алына баштаган. 2012-жылы ал Ала-Тоо аянтынан салмагы 3,5 тонна болгон автоунаалардын тобун тиши менен сүйрөгөн. Ошондой эле, 24 тонна болгон АН-24 учагын төрт метрге, Ту-134 учагын 20 сантиметрге чейин тиши менен тартып жылдырган.

Ал эми 2013-жылы «У Украины есть талант» эл аралык конкурсуна катышып, жарым финалга чейин чыккан. Андан сырткары Орусиянын «Минута славы» телешоусуна да катышкан.

Алишеров 2010-жылдагы апрель окуяларында жабыркаган. Ал апрель революциясында жабыркагандарга бериле турчу батирден убагында баш тарткан. Кийин бул чечими үчүн өкүнөрүн билдирген. 1992-жылы ал бир бөйрөгүн алдырып, экинчи топтогу майып болгон. Бирок мамлекет тарабынан берилчү жөлөк пулдан баш тарткан.