Баткендин Зардалы айылы жыл аягына чейин жарык менен камсыздалат

Баткен районунун Зардалы айылынын жашоочулары жыл аягына чейин жарык менен камсыз болушат. Бул тууралуу «Ошэлектр» ачык акционердик коомунун басма сөз кызматы билдирди.

Аталган айылга электр жарыгын жеткирүү маселесин 2-сентябрда «Улуттук энергохолдингдин» төрагасы Айтмамат Назаров менен «Ошэлектрдин» башкы директору Артур Жусуев жерине барып талкуулашты.

«Ошэлектр» ишканасынын коомчулук менен иштөө кызматынын башчысы Нурильич Токонбаевдин айтымында, Зардалы айылына 10кВ жогорку чыңалуудагы узундугу 10 км болгон аба чубалгысын куруу чечими кабыл алынды.

«Айылда 100гө жакын түтүн бар экен. Баардык үйгө 0,4кВ аба чубалгысы жана 2 даана көмөк чордону курулат. Буга чейин 95 км электр чубалгылары тартылган. Учурда жол маселеси бир аз кыйынчылык туудуруп жатат. Долбоор боюнча жарык ушул жылдын аягына чейин берилиши керек», — деди Токонбаев.

Ошондой эле, ал электр жарыгын тартуу иштери бүткөнгө чейин Зардалынын тургундарына күн нурунан энергия алган 20 даана электр батареялары тапшырылганын кошумчалады.

Тоо койнундагы Зардалы айылы

Зардалы айылы Баткен шаарынан 125 чакырым алыстыкта жайгашкан. Аталган айылды тургундар мындан 470 жыл мурда жердей башташкан. Кийинчерээк бул айылдын катаал шарттарынан улам тургундар Кара-Бак айылына көчүп кетишкен, бирок ата конушун таштабай дагы деле жашагандар бар.

Зардалы айылына автоунаа жолдун катаалдыгынан каттабайт. Бийик ашуу аркылуу жай мезгилинде гана каттоого болот. Бир адам гана батчу тоо боорундагы жарды бойлой барчу жол бар. Кар жааган мезгилде ал жолдор менен каттоо такыр мүмкүн эмес. Мындан сырткары сел жүргөн маалда жөө өтө турчу жолдор да тосулуп калган учурлар болот.

Айылда 2010-жылы башталгыч класттар үчүн мектеп ачылган. Мектепте болгону эки класс гана бар. Төрт жылдан кийин окуучулар башка жакка барып окууга мажбур. Ошондой эле, мындан беш жыл мурун жападан жалгыз фельдшердик-акушердик пункт ачылган.

Жарык менен камсыз болгон дагы бир айыл

Мындан бир апта мурун Жалал-Абад облусунун Жазы-Кечүү айылына жарык берилди. Анда 150 үй-бүлө жашайт. Жазы-Кечүү айылынын да жолдору катаал. Айыл төрт тарабынан тоолор менен курчалган. Кеч күздө жана кышында жаан-чачындын айынан райондун борборуна барчу жол толук жабылат. Ал эми жаз мезгилинде борборго жетүү үчүн 110 км басып өтүү керек.

Айылда алгачкы электр карагайлары 6-июлда «Жалалабадэнергонун» күчү жана каражаты менен коюлган. Ал эми сентябрга карата айыл толук түрдө электр энергиясы менен камсыздалып, трансформатор орнотулду. Үйлөрдүн бардыгы электр энергиясына туташтырылды. Айылды электр энергиясы менен камсыздоого 25 млн сом сарпталган.