Орусияга кете албаган 500дөй кыргызстандык студент президенттин аппаратына кайрылышты

Пандемия учурунда Орусиядан келген кыргызстандыктар. Сүрөт: Тышкы иштер министрлиги

Орусиянын орто жана жогорку окуу жайларында окуган 500гө чукул кыргызстандыктар президенттин аппарат башчысы Досалы Эсеналиевге кайрылышты. Студенттер Орусияда жаңы окуу жылы башталганын айтышып, ал жакта дистанттык билим алуу толугу менен камсыздалбаганын белгилешти.

*Орусиянын өкмөтү коронавирус инфекциясын жайылтпоо максатында 18-марттан тарта чет өлкөнүн жарандарын киргизүүгө чектөө киргизген.

«Дүйнөдөгү эпидемиологиялык абалды эске алып жана каникул башталганына байланыштуу көптөгөн студенттер Орусия Федерациясынан чыгып кетишкен — алар окуу жыл башталганга чейин кайтып келип, окууну улантабыз деген ишенимде болгон», — деп жазылат кайрылууда.

Досалиевге кайрылган студенттер бир айдан бери кыргыз өкмөтүнөн, Орусиянын Кыргызстандагы консулдугунан, Билим берүү жана илим министрлигинен жооп ала албай жүрүшкөнүн кошумчалашты.

Мындан сырткары студенттер Орусияга киргенден баштап ПЦР-анализ тапшырып, эки жумалык карантинде калууга даяр экенин айтышты.

Буга чейин Орусиядан коронавирус менен күрөшкөнү келген бир нече дарыгер да кайта албай жатышканына даттанышкан.

Ал эми Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен «Азаттыкка» билдиришкендей, 1-сентябрдан тарта Орусия Федерациясына орусиялык жарандардын жакын туугандары, туруктуу жашоого уруксат алгандар жана ооруканаларда дарыланууга муктаж болгон адамдар кирсе болот.