Ошто кездеме ишканасында өрт чыкты — жабыркагандар жок

Сүрөт: ӨКМдин басма сөз кызматы

Ош шаарынын Жапалак айыл аймагына караштуу Кең-Сай конушундагы кездеме ишканасынын имаратында 6-сентябрда өрт чыкты. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиршикендей, тилсиз жоо 21:35те чектөөгө алынган. Kырсыктан жабыркагандар жок.

«Өрттүн жалпы аянты болжол менен 686 чарчы метрди түзөт. Маалымат ӨКМге саат 20:08 де түшкөн. Өрттүн келип чыгышы жана материалдык чыгымдар такталууда», — деди «Клоопко» ӨКМдин басма сөз катчысы Элмира Шерипова.

Мындан сырткары Шерипова өрттү өчүрүүгө ӨКМден жети бөлүм, авто шаты, он куткаруучу, ИИМ кызматкерлери, Суу чарба башкармалыгынан бир суу ташуучу унаа тартылганын кошумчалады.

Үстүбүздөгү жылдын февралында Ош облусунун Кара-Кулжа районунда «Сагындык» атындагы орто мектеби толугу менен күйүп кеткен. Өрттүн келип чыгуусуна электр чубалгылары себеп болгон. Мектеп жамааты тилсиз жоодон бир гана китепкана менен төрт класстын парта жана отургучтарын сактап кала алышкан.