Сузак: «Күбөдөн шектүүгө айланган» кишинин жакындары соттун алдында пикетке чыгышты

Жалал-Абад облусундагы Сузак районунун 10дон ашуун тургуну 6-сентябрда райондук соттун алдына чогулуп, нараазычылык акциясын уюштурушту. Алар «күбөдөн шектүүгө айланган» Таалайбек Тавалдиевге күнөө мыйзамсыз коюлуп жатканын айтышууда.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Мой отец Тавалдиев Таалайбек поздно вечером лежал у себя в доме, услышав шум у себя во дворе, он решил выйти и осмотреться, во дворе стояли 3 человека, один из которых был избит и лежал на земле, 2 человека что были рядом попросили его вызвать милицию, что и сделал Тавалдиев Таалайбек, но он ещё не знал, что именно этот звонок обратится против него и он станет подозреваемым которого заберут после 8 месяцев уголовного процесса в СИЗо Как выяснилось, 3 молодых людей были знакомы, в нетрезвом состоянии они поругались и побили одного, который в скоре на следующий день погибнет от полученных травм. За 8 месяцев после этого случая, показания будут меняться и в один миг не в чем не по винный человек станет не свидетелем а подозреваемым, на которого будут вешать ответственность произошедшего и его выдверут в СИЗо Сегодня 06.09.2020 решается его судьба в СУЗАКСКОМ РАЙОННОМ суде, где примут решение, какой вердикт выдвинет суд пока неизвестно По словам жителей, прокурором в этом деле является Токтогонов Бакытбек Ишенбекович вокруг которого ходят много разных негативных отзывов Надеемся только на общественный резонанс, который сможет урегулировать все в законом порядке

Публикация от Molsuluu (@_molsulu)

Тасмадан чогулган тургундар «Мыйзам кайда?» , «Акыйкат керек!» деп жазылган плакаттар менен, «48 саат болду чыгаргыла», «Кармап турууга укугуңар жок», «Таалайбек Тавалдиевди чыгаргыла» деп кыйкырып жатышканын көрүүгө болот.

Ал эми айыпталуучунун кызы Мөлсулуу Таалайбекова «Клоопко» билдиргендей, атасынын үйүнүн жанында мас абалындагы үч киши мушташа кетишкен. Алардын бири алган жараатынан улам окуя болгон күндүн эртеси каза болгон. Арадан сегиз ай өткөн соң милиционерлер атасы Таалайбек Тавалдиевди шектүү катары кармап кетишкен.

«Атам кечинде өз үйүндө жатып, көчөдөн ызы-чуу угуп кароо үчүн сыртка чыккан. Сыртта үч киши болгон, бирөөсү сабалып жерде жаткан. Сабалган кишинин жанындагы экөө атамдан милиция чакырууну суранышкан. Атам гана милиция чакырган. Атам сегиз ай бою күбө катары сурак берип жатып, кийин көрсөтмөлөр өзгөрүп атып күнөөлүүгө айланды», — деди ал.

Кийинчерээк Сузак райондук соту анын баш коргоо чарасын карап, эки ай абакта калтыруу чечимин кабыл алган.

«Санкция он саатка созулду. Мыйзам боюнча сот кармагандан кийин 48 саат ичинде чечим кабыл алышы керек эле, 58 саат өтүп кетти. Мен биринчи жолу сатып алынган сотторду жана прокурорлорду көрүп жатам, болбосо мындай биздин укукка түкүргөн мыйзамсыздыкты башкача түшүндүрүүгө мүмкүн эмес», — деди Таалайбекова.

Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз катчысы Нурдин Жээнтаев окуя 2019-жылдын 21-декабрында болгонун билдирди. Ошондой эле ал, милицияны окуя болгон жерге Таалайбек Тавалдиев чакырганын тастыктады.

Анын айтымында, Сузак районунун Достук айылында аталган райондун эки тургуну 40 жаштагы тургунду сабап, денесине жараат келтиришип, ал райондук ооруканага жеткирилип, өзүнө келбей каза болгон. Эки шектүүгө «Ден соолукка оор зыян келтирүү» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

«Тергөөнүн жүрүшүндө шектүүлөрдүн көрсөтмөсү менен окуяга Тавалдиевдин да тиешеси бар болгону аныкталып, 2020-жылдын 11-мартында ошол эле “ден соолукка оор залал келтирүү” беренеси сотко чейинки өндүрүш башталган. Ал эми 6-сентябрда ал санкцияга алынып келинип, сот анын баш коргоо чарасы катары эки айга камакка алууну тандады», — деп түшүндүрдү ал.

Жээнтаев учурда эки шектүү боюнча негизги кылмыш иши соттун кароосунда экенин, ал эми алардын бири абакка киргизилип, бири психиатриялык экспертизадан өтүү үчүн ооруканада экенин кошумчалады.

Учурда өндүрүш иштин алкагында тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.