Бишкек мэри пандемия шартында шайлоого даярдык көрүү тууралуу айтып берди

Бишкек мэриясында 7-сентябрда мэр Азиз Суракматовдун төрагалыгы астында апталык жыйналыштар кайрадан өтүлө баштады. Калаанын аткаминерлери шаардын 4-октябрда өтө турган шайлоого карата санитардык-эпидемиологиялык даярдыгынын этаптарын талкуулашты.

Суракматов шайлоо күнү ар бир участоктун алдында физикалык аралыкты сактоо үчүн коридор орнотууну сунуштады.

«Ал жерге добуш берем деп 300 адам келсе кезек чоң болот. Ошондуктан колонна түзүп, ажыратып туруш керек. Балким ар бир адам бир жарым, эки метр аралыкта тургудай жана УШКга кирүүдө кандайдыр бир коридор болуусу керектир. Бүгүн акимиаттар менен бул маселени ойлонуш керек. Бул отургучтар, лента тартылган штативдер болушу мүмкүн, кандай нормаларды сунуштайсыңар?» — деп сурады ал жыйналыштагы аткаминерлерден.

Вице-мэр Азиз Алымкулов бардык шайлоо участкаларында кирүү чыпкалары болоорун, ал жакта шаардыктардын дене табы текшерилип, колдоруна санитайзер чачылаарын кабарлады.

«Биз добуш берүү боюнча убакытты токтотпостон дезинфекция жүргүүүнү ойлонуп жатабыз. Бул керектүү норма деп эсептейбиз, анткени 3-4 сааттын ичинде 200-300 адам бир имараттын ичинде болушат», — деп кошумчалады Алымкулов.

Андан кийин Суракматов шаардык коомдук транспоттун ишине көңүл бурду. Анын айтымында, жүргүнчүлөр аралыкты сактабай, маршрутка менен автобустарда беткапсыз жүрүшкөндүктөн коронавирус пандемиясынын экинчи толкуну башталып кетиши мүмкүн.

«Буга көңүл буруу керек. Антпесе 4-октябрда биз [коронавирустун] кайра тутанып кетишине, шайлоого эч ким келбей калган учурга кабылабыз. Жуктуруп алуудан же башкаларга жуктуруудан коркуп келбей калышат. Шайлоого чейин шаарды катаал санитардык коопсуздукта кармашыбыз керек», — деди мэр.

Суракматовдун пикири боюнча, коомдук транспорттон тышкары санитардык эрежелерди коомдук тамактануу жайлары да бузушууда.

«Рейд өткөрүшүңөрдү, көз жумбагыла деп суранам. Бир кызмат келип башка кызмат менен чечишип алдык дешет. Дагы башкасы келип акимиат менен чечишип алдык дешет. 15 миң рейддин ичинен болгону 627 протокол [түзүлгөн], анткен менен күн сайын бузуулар катталып атат. Ошондуктан дал ошол коомдук тамактануу жайларынын ишине көңүл бурууну суранам», — деп айтты мэр шаардык санитардык көзөмөл кызматтарына.

Мэр ишмердигине уруксат бериле элек түнкү клуб, ресторан жана тойканалар иштеп атканын көргөнүн айтты.

«Эгер акимиаттар менен штаб уруксат бере элек болсо кимдин уруксаты менен [иштеп атышат]? Эгер бул жагдайды бүгүн көзөмөлгө албасак, анда 4-октябрда бүгүн бардыгы айтып жаткан экинчи толкунга учурайбыз», — деп дагы бир жолу эскертти Суракматов.

Мэриянын маалыматына ылайык, 7-сентябрга карата Бишкекте 233 шайлоо участогу ачылган.

Учурда шаар бийлиги шаардыктар коопсуз добуш берип кетиши үчүн шарттарды түзүүгө багытталган иштердин жасашууда: Участкалык шайлоо комиссиялары (УШК) интернетке туташтырылууда, майып шайлоочулар үчүн пандустар орнотулуп, генераторлор коюулууда.

Пандемия башталгандан бери өлкөдө коронавирустун 44 521 учуру катталды. Алардын ичинен 17 714 учуру, тагыраагы дээрлик 40%ы Бишкек шаарына туура келет.

4-сентябрдан тарта парламенттик шайлоого карата үгүт иштери башталды. Ал 3-октябрга чейин уланып, эртеси күнү шайлоонун өзү өтөт.