Каракол: «Ата-Мекен» жыйын өткөргөн тойканага айыппул салынды

Партия өткөргөн жыйын. Сүрөт: Turmush

Ысык-Көлдүн Каракол шаарында «Ата-Мекен» партиясы 7-сентябрда жыйын өткөргөн «Барсхан» тойканасына айыппул салынды. Мэриядан муну топтолгон адамдардын саны ченемден ашкандыгы менен түшүндүрүшкөн.

Маалыматка ылайык, санэпидемиологиялык кызматтын өкүлдөрү милиция кызматкерлери менен биргеликте партиянын шайлоочулар менен жолугушуусу өткөн тойкананы текшерүү үчүн барып, имаратка топтолгондордун саны 150 адамдан ашканын аныкташкан.

«Бет кап тагынуу режими, социалдык аралык сакталган. Бирок адамдардын саны боюнча эреже бузуу болгон. Адамдар 50дөн ашпашы керек», — деп жазылат маалыматта.

Мындан улам «Ыйгарым укуктуу органдын талаптарын аткаруу тартибин бузуу» беренесине ылайык тойканага 3000 сом өлчөмүндөгү айыппул салынды.

Үгүттөөчү жыйындар

Үгүттөө иштери үчүн расмий уруксат берилгенден баштап партиялар шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрө башташты. Жыйындан жарыяланган сүрөттөрдөн көбүнесе санэпидемиологиялык нормалар сакталбаганын көрүүгө болот.

Мисалы «Биримдик» партиясынын талапкерлери 7-сентябрда Ош облусунун Араван районунда шайлоочулар менен өткөргөн жыйынга топтолгондордун саны 50дөн ашкан. Ошондой эле, аралык сакталбай, дээрлик беткап тагынгандар болгон эмес.

Ал эми «Замандаш» партиясынын Өзгөн районунун тургундары менен жолугушуусунда талап кылынган бир жарым метрлик аралык сакталган эмес.

Ош ОИИБинин басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев милиция тарабынан атайын рейддер жүргүзүлүп, санитардык нормаларды сактоого эскертүү берилип жатканын айтат.

«Биз эскертүү берип жатабыз, бирок айыппул сала албайт экенбиз. Айыппулду бир гана сапэпидемстанциянын кызматкерлери акт түзүп анан сала алат», — деди ал.

Ал эми ИИМдин басма сөз кызматынын өкүлү Адинай Шаршеева ички иштер органдары тарабынан санитардык-карантиндик эрежелерди сактоо боюнча рейддер жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте бардык региондордо жүргүзүлүп жатат деп ишендирди.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу БШК саясий партияларга үгүттөө иштерин онлайн жүргүзүүнү жана жолугушууларга 50дөн көп адам чогултпоону сунуштаган.