Ошто Төлөйкөн айыл өкмөт башчысынын иниси сабалды. Милиция тергөөнү баштады

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айылында 1-сентябрь күнү тургундардын ортосунда чыр чыгып, бир киши ооруканага түштү. Жабыркаган тургун Төлөйкөн айыл өкмөт башчы Зулпукар Мазаевдин иниси Камчыбек Мазаев.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан бул окуя «Ээнбаштык» беренеси менен катталганын маалымдашып, эки тарап тең арыз менен кайрылышканын белгилешти. Ошондой эле укук коргоо органдары чыр туугандардын ортосундагы пикир келишпестиктен улам болгонун кошумчалашты.

Социалдык тармактарда Мазаев менен бирге жүрүп, ур-токмокко кабылган тургундардын бири Жаныбек Мырзалиев журналисттерге сабалгандарынын себебин «билбейм» деп айткан.

"Төлөйкөн айылында айыл өкмөт башчынын иниси токмоктолду": Айылдыктар топтолуп мушкан. Эки тарап тең ооруканада

Posted by Beksultan Mamytov on Saturday, September 5, 2020

«[Дүкөндө] суу ичип, чыгып бара жатканыбызда Абдуманап дегендер кирип калышты. Сүйлөшүп турсак эле Камчыбектин мурдуна бир койду. Анан мен аларды ажыратып калдым, Камчыбектин көйнөгү кан болду. Кийин унаага отуруп кетип жатсак, мектептин жанына башкуа унаа менен келип, бизди кысып, унаанын ичинде уруп салышты. Менин башымды жарып коюшту, ооруканага барып тиктирдим», — деген Мырзалиев.

Мырзалиев аларды сабаган Абдуманап аттуу тургун мурда Оштун бажы кызматында иштегенин да кошумчалаган.

Мындан сырткары жабырлануучунун апасы Үмүт Мазаева уулунун мурду сынып, бети шишип кеткенинен айткан.

Мазаева Камчыбек Мазаев Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн башчысы болуп иштеген агасынын ишине байланыштуу сабалды деп эсептейт.

«Шайлангандан баштап эле асылып келет, болбосо [Абдуманап] бир тууган жээнибиз болот. Ошондон бери эле “бул болбосун [айыл өкмөт башчы], башка болсун” деп ар жерде тополоң кылып жүрөт», — деди Мазаева.

Окуянын катышуучусу Абдуманап «Кактус» басылмасына Мазаевдердин үй-бүлөсү баарын көбүртүп-жабыртканын айткан. Ошондой эле ал Зулпукар Мазаев айылдагы коррупцияны калкалап келгенине байланыштуу анын үй-бүлөсүнө каршы турганын кошумчалаган.

«Бул жерде мен жабырлануучумун. Бул мас адамдар мага кол салышып, ЖМК жана коомчулукка резонанс жаратуу менен күнөөлүү кылгысы келип жатат. Бирок тергөө менен сот ким айыптуу экенин аныктайт», — деген ал.

Өткөн жылдын декабрь айында Төлөйкөн айылынын бир нече тургундары басма сөз жыйын куруп, «Токтосун» дыйкан чарбасынын 2000 чарчы метрин Зулпукар Мазаевдин бир тууганы мыйзамсыз басып алганына даттанган. Тургундардын айтымында, жеке ишкер ал жерде турак үйлөрдү салмакчы.

«Токтосун» дыйкан чарбасынын жетекчиси Өсөр Айбашовдун айтымында, жерди алган жеке ишкер дарактарды кыйып, жаратылышка зыян келтирген.

Зулпукар Мазаев айыптоолорду четке кагып, жерди анын агасынын бажасы сатып алганын билдирген. Мындан сырткары ал бул окуяны Мамлекеттик каттоо кызматынын жана прокуратуранын кызматкерлери иликтеп, мыйзам бар же жогун аныктай турганын кошумчалаган.