Бишкек: Медиктер «паспорт чогултууга буйрук алганын» айткан жазуучу милицияга сурак берди

Жазуучу Топчүгүл Шайдуллаева. Сүрөт: Шайдуллаеванын фейсбук баракчасынан алынды

Жазуучу Топчугүл Шайдуллаева 9-сентябрда фейсбук баракчасына ички иштер башкармалыгына күбө катары суракка чакырылыганын жазды. Ал мындан бир күн мурун Бишкек шаарындагы Жал микрорайонундагы ооруканалардын биринде эмгектенген таанышы паспортун шайлоого карата сурагандыгы тууралуу пост жарыялаган болчу.

«Барып келдим. Иш козголуптур. Эми чындык, адилеттик жеңсе экен. Бизге паспорт сурап жазган таанышыбыз абдан чочулап, коркуп атат. “Аты-жөнүмдү айтпаңыз” деп менин жазганыма капа болду, күтпөптүр менден. Эми айткан сөзүн танбай аягына дейре турса болот эле», — деп жазган ал.

ИИМдин басма сөз кызматынан Шайдуллаева Ленин райондук ички иштер башкармалыгына суракка чакырылгандыгын тастыкташты. Бирок кеңири маалымат кийинчерээк берилерин убадалады.

Бишкек шаарынын Жал микрорайонунда Энени жана баланы коргоо боюнча улуттук борбору бар. «Азаттык» басылмасына аталган борбордун директору Камчыбек Узакбаев кызматкерлерге ондон паспорт алып келүүсү тууралуу буйрук бербегенин айткан.

«Кызматкерлерди эч ким “тигиге же буга шайла” деп мажбурлай албайт. Ар бир адам кабинага киргенден кийин өзү каалагандай добуш берет. Жетекчи айтып койсо эле ошону шайлаган болбойт. Азыр эл демократия дегенди жакшы түшүнүп калган», — деген Узакбаев.

Буга чейин депутат Жанар Акаев ага Бишкектеги балдар ооруканасынын медиктери кайрылып, паспорт чогултуу боюнча тапшырма алышканын ачыкташкан. Мындан улам Акаев «административдик ресурс» колдонулуп жатканын божомолдоп, тиешелүү органдар чара көрбөгөнү үчүн сындаган.

Узакбаевдин жубайы Элмира Жумалиева «Биримдик» партиясынын тизмесинде №24 орунда депутаттыкка талапкер. Ошондой эле аталган борбордун башкы дарыгердин орун басары Салтанат Назаралиева «Мекеним Кыргызстан» партиясы менен шайлоого баратат. Ал партиянын тизмесинде №80 орунда.

Парламенттик шайлоо Кыргызстанда 4-октябрга белгиленген. БШК 15 партияны каттады. Учурда «Бүтүн Кыргызстан» партиясы парламенттик шайлоого катышууга укук алуу үчүн Боршайком менен соттошууда.

Тема боюнча: 

Бишкектеги медиктерди жетекчилери паспорт чогултууга мажбурлап жатканы айтылды