Боронов: Кыргызстандыктардын Орусияга кирүүсүнө коюлган чектөөлөр жакында алынат

Москва шаарындагы «Домодедово» аэропорту

Премьер-министр Кубатбек Боронов 8-сентябрдагы брифингде кыргызстандыктардын Орусияга кирүүсүнө коюлган чектөөлөр «жакында алынаарын» билдирди. Алардын ичинде Орусияда окуган кыргызстандык студенттер да бар.

Бороновдун айтымында, учурда Орусиянын аймагына орусиялык жарандар жана алардын жакын туугандары, медициналык жардамга муктаждар, жакын туугандары каза болгондор, бейтаптарды караган адамдар жана спортчулар кире алат.

«Калган жарандарга кирүүгө уруксат жок, бирок, буюрса, бул чектөөлөр да жакында алынат. Ал эми студенттердин Орусияга кетүүсү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Орусия студенттерди киргизүү боюнча алгоритмдерди иштеп жатат, ага ылайык студенттер изоляциялык нормаларды сактоого милдеттүү болушат», — деди Боронов.

Буга чейин 500гө чукул кыргызстандык студенттер президенттин аппаратынын жетекчиси Досалы Эсеналиевге кайрылып, Орусияга кайтууга көмөк көрсөтүүнү суранышкан.

Студенттер Орусияга киргенден баштап ПЦР-анализ тапшырып, эки жумалык карантинде калууга даяр экенин да айтышкан. Ошондой эле, буга чейин Орусиядан коронавирус менен күрөшкөнү келген бир нече дарыгер да кайта албай жатышканына даттанышкан.

*Орусиянын өкмөтү коронавирус инфекциясын жайылтпоо максатында 18-марттан тарта чет өлкөнүн жарандарын киргизүүгө чектөө киргизген.

«Азаттыктын» маалыматы боюнча, Орусияда 750 миңге чукул кыргыз жараны жашайт — алардын көбүнчөсү Москва шаарында.