Жалал-Абадда жеке менчик бала бакчалардын ишине уруксат берилди

Иллюстративдик сүрөт

Жалал-Абад шаарындагы жеке менчик бала бакчалардын ишмердүүлүгүнө уруксат берилди. Жалал-Абад мэриясынын басма сөз катчысы Азамат Жээнбековдун айтымында, мындай чечим шаардыктардын суроо-талабы менен кабыл алынды.

«Буга чейин жеке менчик бала бакчалар санитардык текшерүүдөн өткөрүлгөн болчу, анан 7-сентябрда шаардык штабдын кеңешмесинде уруксат берилди. Бакчалар балдардын санын 15тен ашырбоого тийиш. Эгерде кайсы бир бала бакча санитардык нормага, коюлган талаптарга жооп бербесе ишмердүүлүгү токтотулат», — деди Жээнбеков.

Мындан сырткары ал санитардык текшерүүдөн өткөн муниципалдык бала бакчалар 14-сентябрдан тарта иштей турганын кошумчалады.

Коронавирус пандемиясынын айынан өлкөдө баардык бала бакчалар март айынан баштап ишмердүүлүгүн токтоткон.

Буга чейин 25-августта Билим берүү жана илим министрлиги өлкөдө мамлекеттик бала бакчалар санэпидемдин жана жергиликтүү бийликтин уруксаты менен иштээрин айткан. Ошондой эле, иштөөгө уруксат алган бала бакчалар Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан даярдалган санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин, ченемдердин талаптарын жана алгоритмин аткарууга милдеттүү.

Өлкөдө 1600дөн ашуун мектепке чейинки билим берүү мекемелери бар.

22-июлда Бишкек мэриясы пандемия учурунда шаардык мектеп жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин 12 кызматкери пневмония жана коронавирус инфекциясынан кайтыш болгонун билдирген.

9-сентябрга карата Кыргызстанда коронавирустун 87 жаңы учуру катталды. Ушуну менен Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 44 613кө жетти. Ал эми 40 336 бейтап оорудан айыкты. Инфекция жалпы 1 063 адамдын өмүрүн алды.