Коронавирус 71 кишиде аныкталып, 151 бейтап айыкты

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штаб 10-сентябрга карата COVID-19дун жаңы 71 учуру катталганын маалымдады. Илдетке чалдыккандардын арасында Бишкек шаарында иштеген бир медкызматкер бар.

Аймактар боюнча:

Баткен облусу — 19;

Жалал-Абад облусу — 15;

Бишкек шаары — 15;

Ысык-Көл облусу — 8;

Ош облусу — 5;

Чүй облусу — 4;

Талас облусу — 4;

Ош шаары — 1.

Ошондой эле акыркы суткада коронавирустан 151 бейтап айыкты. Сакайгандардын арасында 19 медик бар — алардын 18и үй шартында дарыланышкан.

Коронавирустан айыккандардын эң көбү Бишкек шаарында катталды — 92. Ошондой эле Жалал-Абад облусунда тогуз, Ысык-Көл облусунда — 23, Баткен жана Ош облустарында сегизден, Чүй облусунда — 10, Талас облусунда жана Ош шаарында экиден, Нарын облусунда бир бейтап сакайып, ооруканалардан чыгарылды.

Ушуну менен Кыргызстанда коронавирусту жуктургандардын саны 44 684кө жетти. Алардын ичинен 40 487 бейтап айыгып, 1 063 киши көз жумду.

Бүгүнкү күндө коронавирустан 532 бейтап ооруканаларда дарыланып жатат. Ошондой эле 2 260 киши үй шартында дарыланууда.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.