Ош: Коррупциядан түшкөн каражатка мектеп курууга 54 млн сом жумшалды

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы

Президент Сооронбай Жээнбеков 9-сентябрда иш сапары менен Ош шаарында болду. Ал Нариман орто мектебине коррупция менен күрөшүүдөн түшкөн каражатка салынып жаткан жаңы корпустун курулушу менен таанышты.

500 окуучуга ылайыкташкан үч кабаттуу окуу корпусунда 24 окуу кабинети, ашкана, медициналык кабинет, мугалимдер бөлмөсү, китепкана жана окуу залы бар.

Мектептин тендердик баасы 54 млн сомду түзүп, аны ноябрь айында пайдаланууга берүү каралган. Ал эми курулуш иштери 2019-жылдын декабрь айында башталган.

Буга чейин 2018-жылы экономикалык жана кызматтык кылмыш иштери боюнча мамлекетке келтирилген зыянды кайра кайтаруудан түшкөн акча каражаттарын каттоого алуу жана багыттоо үчүн Бирдиктүү депозиттик эсеп ачылган.

Эсептеги каражатка Чүйдө жети мектеп, Бишкек шаарындагы мектептерге жети корпус, Ош шаарындагы мектепке бир корпус куруу пландалган болчу. Жалпы 5 миң 900 окуучу аталган имараттарда билим ала алат.