Ошто курулуп жаткан жаңы оорукана октябрда пайдаланууга берилет

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы

Президент Сооронбай Жээнбеков 9-сентябрда Ош шаарында курулуп жаткан жаңы инфекциялык оорукананын курулушу менен таанышты. Бул тууралуу маалымат президенттин сайтында жарыяланды.

«Бүгүнкү күндө оорукананын эски имараты толугу менен бузулуп, бир катар иштер бүткөрүлгөн. Тез курулчу конструкциялардан куралган объектти ушул жылдын октябрь айында пайдаланууга берүү пландалган», — деп жазылат маалыматта.

Оорукана 100 орундукка ылайыкташып, анын 28и жандандыруу бөлүмүнө караштуу. Жээнбеков курулуш иштерин суук түшкөнгө чейин сапаттуу бүткөрүү керектигин айткан.

Аталган оорукананын курулуш иштери үстүбүздөгү жылдын июль айынын аягында башталган. Анын курулушуна 18 млн сом бөлүнүп, бир жарым айда пайдаланууга берилээри айтылган.

«Куруучуларга дем берүү»

Өкмөт коронавирус илдети күч алган убакта — июль айынын аягында Бишкек шаарында жана Нарын облусунда да жугуштуу оорулар ооруканаларын бир айда курууну убадалаган. Тилекке каршы курулуш иштери өз убагында аяктаган жок.

Ал эми курулушу 65 пайызга аяктап калган борбор калаадагы оорукананын имаратынын сүрөттөрү коомчулукта кызуу талкуу жаратты — кыргызстандыктар оорукананы «малканага» салыштырышкан.

Бейтапкана 100 орунга ылайыкташып, курулушуна 60 млн сом бөлүнгөн.

Анда премьер-министр Кубатбек Боронов элге кайрылуу жасап, курулуш иштери бүткөнчө сындабай турууну өтүнгөн — ал муну иштеп жаткан куруучуларга дем берүү керектиги менен түшүндүргөн.