Талас: Сот бир сааттын ичинде эки жолу зордукталган аялдын ишин кыскартты

Иллюстративдик сүрөт

Талас облусунун Үч-Эмчек айылында жашаган аял эки айылдашы тарабынан бир сааттын ичинде эки жолу зордукталган. Талас райондук соту үстүбүздөгү жылдын 28-августунда тараптардын жарашып алуусуна байланыштуу ишти өндүрүштөн кыскартты.

Окуя 2019-жылдын 11-декабрында орун алган. Соттун токтомуна ылайык, аталган айылдын 31 жаштагы тургуну жабырлануучунун үйүнө келип, үйдө жолдошунун жокутугун билгенден кийин анын колун кайрып зордуктаган. Андан бир саат өткөндөн кийин дагы бир 28 жаштагы айылдашы келип зордуктап кеткен.

Ошондой эле соттук-биологиялык экспертиза тарабынан бул аракеттер далилденген. Жабырлануучуга моралдык жана психикалык жактан зыян келтирилген. Бирок буга карабастан айыпталуучулар тергөө амалдары жүргүзүлгөн убакта үй камагында болушкан.

«Кылмыштын квалификациялык белгилери “зордуктоо, башкача айтканда, өмүргө жана ден-соолукка коркунучтуу эмес зомбулукту колдоном деп коркутуу менен жыныстык катнашуу” болуп саналат. Сот отурумунда айыпталуучулардын жактоочулары жабырлануучу менен өз ара келишишип жана элдешишип алгандыгы үчүн ишти кыскартып берүүнү сурайт», — деп жазылат соттун токтомунда.

Буга чейин 2019-жылдын сентябрында Ысык-Көл облусунда 32 жаштагы аял өз үйүндө чала таанышы тарабынан зордукталган. Зордуктоого шектелип кармалган 30 жаштагы киши айыпты моюндаган.