Кара-Көлдө ичип алып аялын бычактаган киши 2 айга камакка алынды

Иллюстративдик сүрөт

Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарындагы Жазы-Кечүү айылында 5-сентябрь күнү жергиликтүү тургун 43 жаштагы аялын бычактады. Бул тууралуу «Турмуш» басылмасы шаардык прокуратурага таянып билдирди.

Маалыматка ылайык, 46 жаштагы шектүү ошол күнү мас болуп келип, аялы менен урушкан. Ошол маалда ал ашкана бычагы менен аялын ичке сайып, кайра сууруп алган. Кийинчерээк шектүү тез жардам кызматын чакырган.

Окуя болгон жерге милициянын ыкчам тергөө тобу барып, окуяны «Ээнбаштык» беренеси менен каттаган. Ал эми жабырлануучу алган жаракатынан улам Кара-Көл шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Кийинчерээк жабырлануучу жана анын агасы Кара-Көл ШИИБсине арыз менен кайрылып, мыйзам чегинде чара көрүүнү суранышкан.

«Окуя боюнча керектүү материалдар чогултулуп, соттук-криминалистикалык, соттук-медициналык, соттук-биологиялык экспертизалар дайындалып, шектүү Кара-Көл ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген», — деп жазылат маалыматта.

6-сентябрда шектүү Таш-Көмүр шаардык сотунун чечими менен 2 айга тергөө абагына киргизилди.

Шектүү орто билимдүү, 3 баланын атасы. Бул анын экинчи турмушу, биринчиси менен ажырашып кеткен. Жабырлануучу болсо эки баланын энеси. Экөө 2017-жылдан бери чогуу жашап келе жаткан.