Өлкөдө коронавирустун жаңы 67 учуру катталды — жалпы 44 828 учур

Республикалык штаб 12-сентябрга карата коронавирустун жаңы 67 учуру катталганын маалымдады. Илдетке чалдыккандардын арасында үч медкызматкер бар.

Аймактар боюнча:

Бишкек шаары — 20;

Жалал-Абад облусу — 14 (2 медкызматкер);

Ош облусу — 10;

Баткен облусу — 9;

Ысык-Көл облусу — 7;

Чүй облусу — 3;

Талас облусу — 1 (1 медкызматкер).

Ошондой эле акыркы суткада коронавирустан 148 бейтап айыкты. Сакайгандардын арасында 12 медик бар — алардын сегизи үй шартында дарыланышкан.

Коронавирустан айыккандардын эң көбү Бишкек шаарында катталды — 77. Ошондой эле Жалал-Абад облусунда — 22, Ысык-Көл жана Баткен облустарында 18ден, Ош облусунда жети, Талас жана Нарын облустарында экиден, Ош шаарында жана Чүй облусунда бирден бейтап сакайып, ооруканалардан чыгарылды.

Ушуну менен Кыргызстанда коронавирусту жуктургандардын саны 44 828ге жетти. Алардын ичинен 40 779 бейтап айыгып, 1 063 киши көз жумду.

Бүгүнкү күндө коронавирустан 517 бейтап ооруканаларда дарыланып жатат. Ошондой эле 2 054 киши үй шартында дарыланууда.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.