Өлкөдө 47 адамда COVID-19 аныкталып, 101 бейтап айыкты

Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова 14-сентябрга карата коронавирустун жаңы 47 учуру катталганын кабарлады. Жаңы учурлардын 18и лабораториялык тастыкталган.

Аймактар боюнча:

Баткен облусу — 14;

Жалал-Абад облусу — 10;

Бишкек шаары — 8;

Ысык-Көл облусу — 8;

Чүй облусу — 2;

Ош шаарында — 2;

Ош облусу — 2;

Нарын облусу — 1.

Мындан сырткары өткөн суткада илдеттен 101 бейтап айыкты.

Коронавирустан айыккандардын эң көбү Бишкек шаарында катталды — 54. Ошондой эле, Баткен облусунда — 19, Жалал-Абад жана Чүй облустарында — 11ден, Ош облусунда — үч, Ысык-Көл облусунда эки жана Нарын облусунда бир бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылды.

Ушуну менен Кыргызстанда коронавирусту жуктургандардын саны 44 928ге жетти. Алардын ичинен 41 023 бейтап айыкты — бул жалпы оорулуулардын 91 пайызы. Мындан сырткары COVID-19дан 1 063 киши көз жумду.

Бүгүнкү күндө коронавирустан 507 бейтап ооруканаларда дарыланып жатат. Ошондой эле, 1 903 киши үй шартында дарыланууда.

Андан сырткары Баткен облусунда төрт жана Ысык-Көл облусунда бир медкызматкерден коронавирус инфекциясы аныкталды. Ошондой эле өткөн суткада 14 медик коронавирустан айыкты — алардын тогузу үй шартында дарыланган. Жалпысынан COVID-19ду 3 172 медик жуктуруп, алардын 2 699у оорудан сакайган.

Саламаттык сактоо министрлиги 30-июлда 73 каза болгон медкызматкер тууралуу билдирген. Бирок мекеменин 3-августтагы маалыматына ылайык, алардын саны 71ге түшкөн.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.