«Сөзсүз өлтүрөм». Кара-Кулжада күйөөсү тарабынан кордолгон аял соттун чечимине нараазы

Иллюстративдик сүрөт

Ош облусунун Кара-Кулжа районунун тургуну Айнура Чыныбаева күйөөсү менен кайын журту тарабынан кордолгонун жана сот ага жеңил жаза бергенин айтып нааразы болууда. Ал ошондой эле үч баласы күйөөсү менен калганын белгилеп, аларды кайтара албай жатканын айтып кейиген. Чыныбаеванын окуясы тууралуу видео 8-сентябрда «Адыл Акжол уулу» ютуб каналында жарыяланган.

Эмне болгон?

Чыныбаева ата-энесиз таятасынын колунда өсүп, жолдошу жана үч баласы менен Кара-Кулжа районунун Алайкуу өрөөнүндө жашаарын айтат.

Ал буга чейин кайын энеси менен келишпегендиктен күйөөсү ага карама-каршы болуп калганын айтат. Ал эми үй-бүлөдөгү негизги чыр жайлоодо жашап жүргөн убакта — күйөөсү мас абалында келип аны кордогондон кийин келип чыкты дейт.

«Нан жапканга жайлоодон кыштакка түштүм. Күйөөм бир жакка кеткен болчу, ал келгенче балдарыма кайра жайлоого чыгып кеттим. Анан ал мас абалында, түнкү саат бир жарымда чатырдын оозун ачып “эй канчык” деп келип калды. Туруп эмне болду десем, төшөктөгү кийимим боюнча эле үйдөн жакалап сүйрөп чыгып кетти», — деди ал.

Андан ары күйөөсү келинди чатырга жакын жайгашкан көлмөгө алып барып «сууга чөктүрүп, сөзсүз өлтүрөм» деп коркуткан.

«Мени сүйрөп барганча бутум кесилип таш кирди. Алып баргандан соң чачымдан кармап сууга салып, кайра чыгарып кайталады. Суу кекиртегимден келди. Андан соң таштын үстүнө алып чыгып ич тарабыма керза өтүгү менен тепкиледи. Өзүм жоготуп койгон экем, башыма шише менен чапканда кайра суунун ичинде өзүмө келдим», — деп ошол күндү айтып берди ал.

Андан соң күйөөсү аны кайрадан чатырга алып барган. Окуянын эртеси аял өзүн начар сезип, айылга кайткан. Кийинчерээк ал өзү жашаган аймактык милицияга кайрылган. Аймактык милиция «андай маселелерди» карабашын айтып, Кара-Кулжа РИИБине жиберген.

«Кара-Кулжага таятам экөөбүз келдик. Тергөөчүгө болгонун болгондой айтып бердим. Андан кийин маалымкат үчүн Өзгөнгө ооруканага жиберди. Абалым оор болгондуктан Ош шаарына келип дарыландым. Кийин Алайкууга барып да он күн ооруканада жаттым. Күйөөм эч кандай жардам берген жок. Милициядагы иш сотко өттү», — деди Чыныбаева.

«Сотко акча берип койгонбуз, билгенин кылсын»

Чыныбаева сот күйөөсүн коомдук жумуштарга гана тартып тим болгонун жана балдарын да ага берип койгондугун айтып ыйлады. Ошондой эле ал «кайын энеси сотко акча бергени» тууралуу маалыматты укканын айтат.

«Кайын энем “сотко акча берип койгонбуз, билгенин кылсын” деп айтканын айылдан уктум. Сот болот деген күндөрдө күйөөм Бишкектен келбей жатты, биз убара болуп барып жаттык. Сот туура эмес чечим чыгарып койду. Мага үйүмдү жана балдарымды алып берсе аларды карап отурмакмын», — деди ал.

Ошондой эле ал учурда жолдошу «башка аял» менен Бишкек шаарында жүргөндүктөн балдары үчүн сарсанаа болуп жатканын айткан.

«Балдарымды абалы, кийимдери кантип атат? Азыр окуу башталды. Сабагы кандай болуп атат? Сот туура эмес кылды, акча бергендердин сөзүн сүйлөп биздейлерди сүйлөбөй коёт экен», — деп ыйлаган ал.

Чыныбаеваны өстүргөн таятасы да небересинин кордук көргөндөрүн айтып берип, учурдагы соттун чечимине нараазы.

«Айыпталуучуга эң жогорку жаза берилди»

Ош облустук сотунун басма сөз катчысы Бекзат Осмонкулов Чыныбаеванын сотко акча берилген деген маалыматын четке какты. Ошондой эле ал зордукчу үчүн мыйзамда көрсөтүлгөн эң жогорку жаза берилгенин билдирди.

Анын айтымында, үстүбүздөгү жылдын 4-августунда Кара-Кулжа райондук сотуна «ден соолукка жеңил зыян келтирүү» жана «үй-бүлөдөгү зомбулук» беренеси менен айыпталган тургундун иши келип түшкөн.

Ал эми 4-сентябрда ал көрсөтүлгөн беренелер боюнча айыптуу деп табылып, эки беренеден 60 сааттан — 120 саатка коомдук жумуштарга тартылып, өкүмдү аткаруу райондун пробация кызматына жуктөлгөн.

«Ал эми жабырлануучуга никени ажыратуу, балдарын өзүнүн карамагына алуу жана үй-мүлкүн бөлүштүрүү иштери жарандык тартипте карала тургандыгын, доогердин арызы боюнча гана соттук отурумдардын башталарын билдиребиз. Бүгүнкү күндө Кара-Кулжа райондук сотуна мындай доо арыздар келип түшкөн эмес», — деп түшүндүрдү ал.

Үй-бүлөлүк зомбулук

Жыл бышында үй-бүлөлүк зомбулуктан улам ажал тапкан аялдардын окуясы коомчулуктун үрөйүн учурган — январь ичинде эле ИИМ аялдарды өлгүчө сабап, аларга атайлап өрт коюу болгон бир нече факт тууралуу кабарлаган.

Арадан үч ай өткөн соң, ИИМ 2020-жылдын биринчи кварталында үй-бүлөлүк зомбулуктун саны өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 65% көбөйгөнүн билдирген.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча 2019-жылы Кыргызстан боюнча 6145 үй-бүлөлүк зомбулук катталган. Ал эми үй-бүлөлүк зомбулуктан эң көп аялдар жабыркаган — 5 659. Эркектердин саны дээрлик 11 эсе аз — 486.