Баткен: Той өткөргөн милиционерге тартиптик жаза берилип, тойкана ээсине айып салынды

 Иллюстративдик сүрөт

Баткен облусунда той-маареке өткөргөн милиция кызматкерине тартиптик жаза берилип, тойкана ээсине 30 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, милиционер 2-сентябрда Баткендеги «Айкөл» тойканасында уулунун тоюн өткөргөн. Тойдон тасма интернетке тарап кеткен соң Баткен ОИИБи тарабынан милиционерге карата кызматтык иликтөө башталган.

«Ал кишинин айтуусу боюнча тойдо 60тай киши болгон экен. Ички иликтөө кызматы жүргүзгөн иликтөөнүн жыйынтыгында ага тартиптик жаза берилди», — деди басма сөз катчы Дамира Юсупова.

Облус боюнча карантин убагынан бери жалпы 22 адамга санитардык-карантиндик талаптарды аткарбаганы үчүн 66 миң сом өлчөмүндөгү айып пул салынган.

Ал эми Баткен ОИИБи тийиштүү органдар менен биргеликте 230 обьектке жүргүзгөн текшерүүнүн жыйынтыгында 52 протокол түзүлүп, салынган айыптын суммасы 156 миңди түзгөн.

Карантин учурунда той өткөрсө физикалык жактарга алгач эскертүү гана берилет. Бирок ага карабай эреже бузуу кайталанса, ал миң сомдон 3 миң сомго чейинки өлчөмдөгү айып пулга жыгылат.

Ал эми эреже бузуу кайра кайталанса сотко чейинки өндүрүш ачылат, андан соң кылмыш иши да козголушу мүмкүн. Эгер ал учурда да эреже бузуу катталса ишмердүүлүк укугу чектелет. Ал эми эң катаал жаза — 7 жылга чейин эркинен ажыратуу.