«Бүтүн Кыргызстан» партиясы менен парламенттик шайлоого аттанып жаткан Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Өмүрбек Суваналиев президент «Сооронбай Жээнбеков Матраимовдордун туткунунда калганын, анын түбүнө дал ошолор жетерин» айтты.

Суваналиев Кыргызстанда таасирдүү делген Матрамовдор жана анын күч түзүмдөрүндөгү достору тууралуу журналист Майраш Базлакуновага маек берген.

Анын айтымында, күч түзүмдөрүндө иштеген жетекчилердин көбү бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Райымбек Матраимов менен учурунда чогуу иштеген, табакташ достор.

«Бүгүнкү күндөгү күч түзүмүн карасаңар — УКМК, ИИМ, финансылык чалгындоо, финпол, башкы прокуратура [бул кызматтарда жетекчилик орунда отургандар - автор] бардыгы Матраимов менен Ошто иштешкен жигиттер. Ошол эле финполиция менен тууган болуп кетет. Азыркы министрдин [ИИМ] орун басары Памир Асанов Райым Матраимовго куда болот», — деди ал.

Андыктан алардын бардыгы «Матраимов менен жакшы жана ал менен эсептеше турганын» Суваналиев кошумчалады. Ошол эле маалда президенттин «факты бергиле» деген сөзү эле көп нерседен кабар берерин белгиледи.

«Мен эмне үчүн президент булардын туткунунда калды деп жатам. Чындыгында көп иштерди булар өз алдынча эле бүтүрүп жатат. Мисалы эмне үчүн президент “факт бергиле” деп жатат, булардын бардыгы ага бурмаланган фактыларды беришүүдө… Жээнбековдун 3 жылдан кийин ыйгарым укуктары бүтөт, экинчи президент болбойт. Бирок Райым мунун түбүнө жетет, көрөсүңөр» , — деди ал.

Суваналиев ошондой эле, аткезчилик менен Кыргызстандан чыгарылган каражаттар тууралуу «Азаттыктын» иликтөөсү чын экенине токтолуп, тийиштүү органдар актангандын ордуна аларды тыкыр иликтеп чыгуусу керектигин белгиледи.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев өз мураскери Сооронбай Жээнбеков менен урушуп кеткенине Матраимовду иштен бошотуу талабын аткарбай койгону себеп болгонун бир нече жолу айткан.

Мындан тышкары, Атамбаев бир тууган Матраимовдордун бирөөсү азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун шайлоо алдындагы кампаниясын каржылаган деп ишара кылган.

Атамбаевдин бул билдирүүсүнөн кийин Матраимов кайын эжеси менен мурдагы президенттин кызы унаа токтотуучу жайда уруша кеткенин тастыктап, «анын кесепети мага тийди» деген.

Ошондой эле ага карата каралоону токтотууга чакырган. «Сиз менен күрөшүүгө менде да жетиштүү маалыматтар жана күч-кубатым жетишээрлик» деп белгилеген мурдагы бажычы.

Райымбек Матраимов деген ким?

Райымбек Матраимов — Кыргызстандан 700 миллион долларга чукул каражаттын көмүскө жол менен чыгарылып кетиши тууралуу журналисттик иликтөөлөрдүн фигуранты. Бул каражаттарды 5 жыл бою карапайым курьерлер аркылуу ташыган Айэркен Саймаити журналисттерге бул операцияларды Райымбек Матраимовдун жардамы менен жасаганын айтып берген. Саймаитинин айтымында, Матраимов бажыдагы жемкорлукту колдоп, Абдукадырдын көмүскө бизнесинин жүрүшүнө көмөк көрсөткөн.

Курьерлер тоскоолсуз Абдукадыр үй-бүлөсүнүн акчаларын адалдагандан кийин, Саймаити жана анын аялы Вуфули Бумайлияму каражаттардын бир бөлүгүн Матраимовдордун үй-бүлөсүнө таандык болгон «Исмаил Ата» фондуна которушкан.

Kloop, «Азаттык» жана OCCRPнин биргеликте жасалган иликтөөсү жарыяланаардын алдында Саймаити Стамбул шаарында өлтүрүлгөн. Буга чейин Саймаитинин курьерлеринин бири Хусан Керимов киши колдуу болгон. Керимов ошол каргашалуу кечте тийиштүү дарекке жеткирүү үчүн накталай 1,6 миллион долларды алууга бараткан. Курьердин жансыз денеси «Манас» аэропортунун алдындагы унаанын багажнигинде табылды.

Хусан Керимовдон сырткары иш убагында жок болуп кеткен курьерлер да болгон. Керимов өлтүрүлгөнгө чейин бир жума мурун «Мадина» базарынын 37 жаштагы соодагер Хуфур Абдурехмандын денеси табылган. Бирок ал бир гана соодагер эмес, «коллектор» да болгон — Абдурехман башка соодагерлердин акчаларын чет өлкөлөргө чыгаруу үчүн топтоп жүргөн.

Бул иликтөө коомчулукта резонанс жараткан. Өткөн жылдын ноябрь айында миңдеген адам «Ак үйдүн» алдына коррупцияга каршы митингге чыккан. Чогулгандардын негизги талабы Райымбек Матраимовду камоо жана реалдуу реформаларды өткөрүү болгон.

Матраимовдордун үй-бүлөсү Kloop, «Азаттык» жана «24.kg» (бул басылма иликтөөдө катышкан эмес, ал иликтөө тууралуу өз сайтында жарыялаган) басылмасын 60 млн сомдук доо менен сотко бергенден кийин, жарандар экинчи митингге чыгышкан. Митингдин катышуучулары парламенттин алдындагы революция эстелигинин жанына чогулуп, ЖМКларга басым жасоону токтотууну талап кылышкан.

Кийинчерээк Матраимовдор «24.kg» басылмасына койгон доосунан баш тартышкан. Бирок алар Райымбек Матраимовдун «ар-намысы менен ишкердик беделине» зыян келтирилди деп Kloopтон 12,5 млн сом, «Азаттыктан» 22,5 млн сом жана журналист Али Токтакуновдон 10 млн сом талап кылышкан.