Шайлоо бюллетендерин «Кыргызстан» партиясынын талапкери жетектеген басмакана чыгарат

2020-жылдын 4-октябрында өтө турган парламенттик шайлоо үчүн бюллетендерди «Учкун» ААКы басып чыгарат. Мындай чечим 2020-жылдын 15-сентябрында БШКнын жыйынында кабыл алынды.

Басмакананын директору болуп — мурдагы вице-премьер-министр жана парламенттин депутаттыгына «Кыргызстан» партиясынан талапкер Дайыр Кенекеев саналат. Бирок, «Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамына ылайык, эгер талапкер мамлекеттик мекеменин («Учкун» — бул мамлекеттик басмакана) жетекчиси болсо, анда ал талапкерлигин көрсөткөн убактан шайлоонун жыйынытыгы чыкканга чейин ишмердигин токтото турушу керек.

Басмаканадан Кенекеевге камсыздоону сактоосуз өргүү берилип, ал башкы директорлук кызматтын милдеттерин аткаруусун токтотконун кабарлашты.

«Дайыр Кенекеев шайлоо процесстерин өткөрүү учурунда “Учкунга” таасир эте албайт. Биз купуялуулук режимин катуу сактайбыз. Бюллетендер, алар басылып чыккан орун жайдын өзү да кайтарылат», — деп билдиришти басмаканадан.

Басмакананын айланасындагы чыр

Басмакана чыгарган дипломдор менен аттестатарда кетирилген каталардын айынан бир нече жолу чырга кабылган.

2019-жылдын июль айында Кыргыз мамлекеттик медициналык академиянын (КММА) бүтүрүүчүлөрү аларга орфографиялык каталары бар диплом тапшырышканын айтып чыгышкан. Кыргыз тилиндеги чаптама барагында «Окууга кирди» дегендин ордуна басмаканадан «Окуугу кирди» деп жазышкан. Басмакана дипломдордун бардыгын (600гө жакын) өз эсебинен алмаштырып берген.

2019-жылы ОшМУнун бүтүрүүчүлөрү штрих коддору окулбаган дипломдорду алышкан. Каталар медициналык факультетти аяктаган 755 студенттин документинен табылган. Кийинчерээк «Учкун» басмаканасы бардык жараксыз документтерди алмаштырып берген.

Ошол эле жылдын июль айында, мектеп бүтүрүүчүлөрүнө катасы бар 48 миң аттестат тапшырышкан. Ал аттестаттар дагы ушул басмаканада бастырылып чыгарылган. Документте «СРЕДНЮЮ» жазуусунун ордуна «СРЕДНЮЮ РЕДНЮЮ» деп жазылып калган.

Билим берүү министрлиги бул окуяда алардын да күнөөсү бар экенин моюндаган. Териштирүүнүн жыйынтыгында, документтерди жекелештирүү бөлүмүнүн башчысы жана басмакананын үч корректору жумуштан алынган. Дагы үч кызматкер иштин ички регламентин бузгандыгы үчүн жазаланган. «Учкундун» директору Дайыр Кенекеев басмакананын күнөөсүн моюнга алып, муну «адамдык фактор» деп атаган. Финпол бул фактыларды «Коммерциялык уюмдарда ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча КЖБРге каттаган.

«Кыргызстан» партиясынын айланасындагы чуулар

Дайыр Кенекеев катарына кошулган «Кыргызстан» партиясы өзү да бир катар чуулардын чордонуна түшкөн.

Август айында партиялардын тизмесин каттоо учурунда «Кыргызстан» документтерин тапшыруудан кечигип, БШК аларды кабыл алуудан баш тартып, ага документтерди «тийиштүү адам» тапшырбаганы себеп болгонун айткан.

Партия Жогорку соттун чечиминен кийин гана парламенттик шайлоого катталган. Жогорку сот БШКны документтерди кабыл алууга милдеттендирген.

«Кыргызстан» партиясынын талапкерлерлеринин арасында мурдараак Талас облусунда уулунун атын Дастан деп койгон жаңы көз жарган аялга 50 миң сом берген парламенттин спикери Дастан Жумабеков бар.

Боршайком бул шайлоочуларды сатып алуу мүмкүндүгү катары бааланышы мүмкүн деп билдиргени менен азырынча бул учурду кароону күн тартибине кошо элек.

Мындан тышкары, «Кыргызстан» үгүт баннерлеринде жашы жете элек баланын сүрөтүн колдонгону үчүн эскертүү алган, анткени ал мыйзамга каршы келет. Мындан кийин баннерлер алынган.

Материалдын үстүндө иштеген: Милана Щербакова.

Башкы сүрөт: Kaktus Media.