Мектеп аттестаттарындагы каталардын айынан «Учкундун» төрт кызматкери кызматынан бошотулду

«Учкун» басмаканасынын директору Даир Кенекеев басылма аттестаттарды «окончил среднюю реднюю школу» деген ката жазуусу менен бастырганын мойнуна алды. Ал муну «адамдык фактор» деп атады.

«Мындай ката жазылган аттестаттардын саны болгону 24, алардын баары Нарын облусундагы Туз айылынын мектеп окуучуларына берилген. Ар бир документ билим берүү министрлиги менен макулдашылат, ал “среднюю реднюю” деп жаза алмак эмес. Бул биздин ката жана муну мойнубузга алабыз», — деп айтып берди директор «Азаттыкка».

Мындан тышкары, ката менен басылып чыгарылган аттестаттардын 24 экземпляры үчүн документтердин жекелештирүү бөлүмүнүн башчысы жумуштан алынган. Кенекеев билдиргендей, бардык 24 документ тең анын эсебинен кайра бастырылган.

Ал «жөнүндөгү» деген сөздөгү «Н» тамгасын «Ң» деп алмаштырып жазылган катаны басма кетирбегенин кошумчалады. Анын айтымында, «Ң» тамгасы жазылган аттестаттар билим берүү министрлиги менен макулдашылган.

Анткени менен басмакананын үч корректору кызматынан бошотулган. Дагы үч кызматкери иштин ички регламентин бузгандыгы үчүн жазаланган.

«Ал эми “н” тамгасы боюнча бүгүнкү күндө бир да ата-эне, мугалимдер “н” тамгасынан ката кетти деп бизге кайрыла элек. Эгер кайрылуу түшсө алмаштырып беребиз. Азыркы учурда бизде катасы жок беш миң бланк бар. Эгер 61 миң экземплярды алмаштыруу тууралуу сөз болсо, анда бул маселе билим берүү министрлиги менен биргеликте чечилет», — деп билдирди Кенекеев.

Бирок билим берүү министри Гүлмира Кудайбердиева буга чейин «Учкун» ката кетирилген аттестаттарды өз эсебинен алмаштырып берээрин убадалаган деп билдирген.

Мурдараак финпол мектеп аттестаттарындагы «Ң» катасы кетирилген документтерден улам «Коммерциялык уюмдарда ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча сотко чейинки иликтөөнү баштаган.