«Учкун» басылмасы ОшМУнун 700дөн ашуун бүтүрүүчүсүнүн катасы бар дипломдорун алмаштырып берди

Ош мамлекеттик университетиндеги медицина факультетинин 755 бүтүрүүчүсүнүн дипломунда ката табылды. Бул туурасында «Клоопко» университеттин окуу иштери боюнча проректору Замирбек Божонов билдирди.

«Тендерди “Учкун” басылмасы утуп алган. Окуу жылы аяктап, экзамендер бүткөндөн кийин аларга тийиштүү документтерди жибергенбиз. Дипломдорго колдор коюлуп студенттик бөлүмгө өткөрүлүп берилгенден кийин типографиядан ката кетирилгенин айтып чалышты», — деп түшүндүрдү Божонов.

Проректор окуу жайдын администрациясы катасы бар дипломдорду студенттерге берүүгө тыюу салганын жана буга чейин алып кеткен бүтүрүүчүлөрдөн дипломдор кайрадан алынганын кошумчалады.

«Учкун» басылмасынан «Клооптун» журналистине дипломдордун штрих кодунда каталар кеткенин ырасташты. Басылманын кызматкерлеринин айтымында, учурда катасы бар дипломдор алмаштырылып берилген.

Типография университетке оңдолгон дипломдорду 30-июлда жеткирген. Жалпы 2019-жылында ОшМУну алты миңден ашуун студент бүтүрдү.

Бул жогорку окуу жайлардын студенттеринин дипломдорунда каталар кетирилген алгачкы эле учур эмес. Буга чейин окууну бүткөндүгү туурасында документтердеги каталарга медакадемиянын студенттери даттанышкан. Анда басылма 600гө жакын дипломду алмаштырган.