«Учкун» басмаканасы бүтүрүүчүлөрдүн документтеринде кайрадан ката кетирди

Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын (КММА) бүтүрүүчүсү Kaktus Media басылмасына маалымдагандай, университеттин дипломдорун орфографиялык каталар менен басып чыгарышкан. Кыргыз тилиндеги чаптама барагында «Окууга кирди» дегендин ордуна «Окуугу кирди» деп жазылган.

600гө чукул бүтүрүүчү катасы бар диплом алган. Алардын айтымында, кетирилген ката аларга окууну улантуу үчүн чет мамлекеттик ЖОЖдорго тапшырууну татаалдаштырышы мүмкүн.

Дипломдогу катанын сүрөтү. Сүрөт: Kaktus Media

«Мен Санк-Петербургда ординатурага тапшырайын дегем. Ал жакка документтерди 20-июлга чейин тапшырыш керек. Билет сатып алып, учуп кетүүнү пландап жаткам, бирок дипломдогу катанын айынан эмне кылаарымды билбей жатам», — деп айткан КММАнын бүтүрүүчүсү.

КММАнын окуу боюнча проректору Эркин Алымбаевдин айтымында, дипломду басып чыгаруучу «Учкун» басмаканасы каталарды өз эсебинен оңдоону убадалаган.

«Чет өлкөгө тапшырып жаткан бүтүрүүчүлөргө байланыштуу маселе индивидуалдык тартипче чечилет — алардын дипломдору бир сутканын ичинде алмаштырылып берилет. Алар дароо студенттик кадрлар бөлүмүнө кайрылышы керек», — деп билдирди Алымбаев.

«Учкун» басмаканасы окууну бүтүрүү тууралуу документтерде биринчи жолу ката кетирип жаткан жок. Июль айында мектеп бүтүрүүчүлөрүнө ар кандай каталары бар болгон 95 миң аттестаттар тапшырылган.

Кетирилген каталардан улам финпол «Коммерциялык уюмдарда ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча сотко чейинки териштирүү иштерин баштаган. «Учкун» басмаканасынын директору Даир Кенекеев типографиянын күнөөсүн мойнуна алып, бул үчүн төрт кызматкер жумуштан алынганын билдирген.