Спикерден 50 миң сом. Сүйүнчү төраганын фондунан берилген

Парламенттин спикери Дастан Жумабековдун басма сөз катчысы Жоомарт Максатбеков спикердин ысымы коюлган чүрпөнүн үй-бүлөсүнө акча кайдан бөлүнгөнүн «Клоопко» айтып берди.

Максатбековдун айтымында, спикер 50 миң сомду Жогорку Кеңештин төрагасынын фондунан бөлүп берген.

«Алардын үй-бүлөсү колдоо сурап кайрылган, ошондуктан спикер аларга 50 миң сом өлчөмүндө материалдык жардам көрсөттү», — деп түшүндүрдү басма сөз катчы.

Анткен менен мурдараак парламенттин басма сөз кызматы Жумабеков аталган акчаларды өз үй-бүлөсүнүн атынан тапшырганы тууралуу пресс-релиз тараткан.

Максатбеков кошумчалагандай, төрага үй-бүлөгө белекти «Кыргызстан» партиясынан талапкер катары эмес, парламенттин спикери катары иш сапары учурунда берген.

Кийинчерээк БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова спикердин белеги сатып алуу болуп эсептелингендиктен Жумабековдун талапкерлигин же бүткүл «Кыргызстан» партиясын шайлоо өнөктүгүнөн четтетүү маселесин кароону сунуштаган, бирок анын кесиптештери бул маселени күн тартибине кошушкан эмес.

Спикер жана «Кыргызстан» партиясы

Жогорку Кеңештин учурдагы төрагасы Дастан Жумабеков келе жаткан парламенттик шайлоодо «Кыргызстан» партиясынан талапкер катары аттанууда.

Партия шайлоого Жогорку соттун чечиминен кийин гана катталган.

Анда сот партияны колдоп, Боршайкомду «Кыргызстандын» документтерин кабыл алууга жана аны шайлоого катышууга уруксат берүүгө милдеттендирген.

Мурдараак БШК партиянын документтерин кабыл алуудан баш тарткан болчу, ага документтерди «тийиштүү адам» тапшырбаганы себеп болгону айтылган.

Башка партиялардагы талапкерлер менен активисттер да «Кыргызстанды» шайлоого катыштырбоо керектигин, анткени БШКга документ тапшырууда кечиккенин айтышкан.