Түркиянын Ван аймагындагы Улуу Памир айылы. Сүрөт: "Азаттык"

Түркиянын Ван провинциясындагы Улуу Памир айылында жашаган 100гө жакын кишиден коронавирус табылды. Бул тууралуу «Клоопко» Улуу Памир айылынын башчысы Эйүпхан Ватансевер билдирди.

Анын айтымында, айылга вирус сакчы болуп иштегендер аркылуу келген. Учурда 200 айыл тургуну сакчы болуп иштегендиктен армия менен чогуу башка аймактарды кыдырганга туура келет.

«Коронавирус 40тан ашык кишиге жукту, үйдө карантинге алынгандарды кошкондо 100гө чамалап барат. Ооруп жаткандардын 30у сакчылар», — деди ал.

Ватансевер ошондой эле, айылдагылардын бир-экөөнө эле илдет жукса ал тездик менен жайылып кетерин белгиледи. Себеби, жашоочулар бири-бири менен тыгыз катташат. Учурда коронавирус жуккандардын ичинде 65 жаштан жогору болгон 4 киши бар. Алардын абалдары жакшы экенин айыл башчысы кошумчалады.

Айыл башчы «Азаттык» радиосуна берген маегинде карантинге алынгандарды көзөмөлдөй турган атайын топ түзүлгөнүн айткан. Алар айылды кыдырып, кишилерди сыртка чыкпоого үндөп турушат. Ал эми тартипке баш ийбегендерге айып пул салынат.

«Кыргыз түрктөрү маданият жана жардам берүү коомунун» өкүлү Мошал Гүвен «Клоопко» илдет табылгандардын абалы туруктуу экенин, ооруканага эч ким жаткырылбаганын айтты.

«Бактыга жараша абалдары оор эмес, эч ким ооруканага жаткырылган жок. Бардыгы 14 күндүк карантинге алынды. Четинен айыгып жатат. Дары-дармектерди жергиликтүү бийлик камсыздап жатат», — деди Мошал Гүвен.

17-сентябрга карата алынган маалымат боюнча Түркияда коронавирус илдети 296 391 кишиге жугуп, 7 249 киши каза болду.

Улуу Памир кыргыздары

1982-жылы Ооганстандагы памир кыргыздарын түрк өкмөтү Түркиянын Ван аймагына көчүрүп келип, жер жана турак жай берген. Учурда Вандын Улуу Памир айылында 2500дөй этникалык кыргыз жашайт. Ал эми Стамбул, Йозгат, Малатя жана Анкара шаарларында жашагандарды кошкондо этникалык кыргыздардын саны 4 миңге жакындайт.