«"Биримдикти" гана шайлайбыз». Ошто домком «Мекенчилдин» үгүтчүлөрүн кууп чыкты

Соцтармактарда 17-сентябрда Ош шаарынын Салиева көчөсүнүн көп кабаттуу үйлөрүнүн биринде тартылган видео тарады. Анда өзүн домком деп тааныштырган аял, көп кабаттуу үйдүн жашоочулары «Биримдикти» гана шайлаарын айтып, «Мекенчил» партиясынын үгүтчүлөрүн киргизбей койгон. Милиция домкомдун аракети боюнча сотко чейинки өндүрүш баштады.

Ош шаары, Салиева көчөсү 40

Posted by БеспределKG on Thursday, September 17, 2020

 Тасмада алгач аял үйдүн подъездине үгүт жарнамаларын илүү үчүн кирген кишиге «эч жерге илбе, мойнуңду жулуп алам» деп тоскоолдук жараткан. Андан соң сыртта турган үгүтчүлөрдү киргизбешин айтып, алар менен уруша кеткен.

«Уруксат эмес, жогол көзүмө көрүнбөй. Агитация кылбайсыңар, биз “Биримдик” партиясынабыз, “давай” жогол. Бизге “Биримдик” партиясы… Сен эмне кылып бердиң бизге, жогол», — деген ал.

Үгүтчүлөрдүн бири аял менен кайым айтыша кеткен. Ал эми аял аларды түртүп кетирүүгө аракет кылган.

«Агитация кылганга укугуңар жок. Мен сага өткөндө айткам “Биримдикке” шайлайбыз деп. [...] Кылып берип жатышат бизге. Мен баарына жооп берем, баары шайлайт. Мен элге “Биримдик” партиясын өткөрөм, карап турасың. Беш жылдан бери өткөрүп келем», — деп үгүтчүлөрдүн бирине кайрылган аял.

Ал бир нече жолу үйдү колу менен көрсөтүп «“Биримдик” кылып берип жатат» дегенин көрүүгө болот. Ал эми кийинчерээк ал партия «бүт баарын» кылып берип жатканын айтып, эшикти жаап туруп алган.

«Сен эч нерсе кылып бере албайсың. Элдер ооруп жатканда эч кимиң эч нерсе кылып бергениңер жок го. Бизге ошол “Биримдик” партиясы бүт баарын кылып берип атат. Мына бул жерди сен боёп бердиңби? Булар бизге мурда деле кылып беришкен, депутат болбогондо деле», — деген ал.

Аял үгүтчүлөрдү кетирүүгө аракет кылып жатканда алардын биринин телефону жерге түшүп сынып кеткен. Анда аял үгүтчүлөр бул боюнча каякка кайрылбасын кошо бараарын билдирген.

«Жергиликтүү бийлик тарабынан да бут тосуулар болуп жатат»

Кийинчерээк үгүтчүлөр видеокайрылуу жасашып, алар «Мекенчил» партиясынан болгонун билдиришкен.

«Биз үгүт иштерин жүргүзүү үчүн келсек, 100дөн ашуун жашоочунун баарына мен жооп берем деп бизге агитация кылганга тоскоолдук кылды. Домком экен, бүт баарына өзүм жооп берем дейт», — деп түшүндүргөн ал.

Партиянын басма сөз катчысы Нургазы Анаркулов окуя боюнча БШКга арыз жазышканын, ал эми үгүт иштерине бут тосуулар жергиликтүү бийликтегилер тарабынан да болуп жатканын маалымдады.

«Кайда болбосун жергиликтүү бийлик тарабынан бут тосуу болуп жатат. Мисалы кечээ Лейлек районунда, аким, Исфана шаарынын мэри жана облустун губернатору тарабынан тоскоолдуктар болуп, мурдатан шаардын ичине белгиленген үгүт иш-чарабызды өткөрө албай, эл менен ээн талаада жолугушуу өткөрүүгө аргасыз болдук», — дейт ал.

Басма сөз катчы кандай тоскоолдук болгонун ачык айткан жок.

«Домкомго расмий чара көрүү мүмкүн эмес»

Окуя болгон Ош шаарынын Манас-Ата муниципалдык аймактык башкармалыгынын башкы адиси Манас Каримов тасма Салиева көчөсүнүн 40-үйүндө тартылганын тастыктады. Ал үйлөрдүн домкомдору токтомдун негизинде шайланбагандыктан, аларга расмий түрдө чара көрүүгө мүмкүн эместигин билдирди.

«Аларды жашоочулар өздөрү шайлап тандап алышат да. Саясий партиялар менен да өздөрү байланышып иш кылып жатышат да. Биз шайлоого кийлигише албайбыз да, агитация иштерине аралаша албайбыз. Бирок ага түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт», — деди ал.

Ош ШИИБинин басма сөз катчысы Замир Сыдыков учурда милиция аялга карата «Майда бейбаштык» беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш баштаганын маалымдады.

«Биримдик» коомчулукта бийликчил партия деп аталып келет. Президент Сооронбай Жээнбековдун иниси Асылбек бул партия менен шайлоого аттанган. Ошондой эле, аталган партиянын катарында учурдагы бир нече депутаттар бар.