Чек ара чырында өрттөлгөн Мажитовдордун үйү калыбына келтирилди

Мажитовдордун жаңы үйү. Сүрөт: Баткен облустук администрациясы

Баткен облусунун Чек аймагында кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан улам өрттөнүп кеткен Мажитовдордун үйү 17-сентябрда толугу менен калыбына келтирилди. Бул тууралуу облустук администрациядан билдиришти.

Үйдүн курулушуна мамлекет 1 миллион сом бөлгөн. Курулушка башка кайдыгер эмес кишилер да көмөктөшүп, үй-бүлөгө акчалай жардам көрсөтүшкөн.

Ошондой эле Мажитовдордун үйү менен кошо күйүп кеткен үй-бүлө мүчөлөрүнүн өздүгүн тактаган документтер да үйдүн документи менен кошо тапшырылган.

Буга чейин 8-майда Чек аймагы менен Тажикстандын Исфара районунун Кумазор айыл тургундарынын ортосунда такталбаган жерден улам чыр чыгып, ал ок атышууга айланган.

Мажитовдордун өрттөлгөн үйү. Сүрөт: Жеңиш Айдаров/ Azattyk

Анда аталган үй, үй-бүлө мүчөлөрүнүн документтери, кийим-кечеси, буюмдары жана чогултуп жүргөн акча каражаттары да өрттөнүп кеткен. Жаңжалда жалпы алты адам жарадар болгон — төрт кыргызстандык жана эки тажикстандык.

Жарадар болгон кыргызстандык аскерлердин бири оор абалда болгондуктан ага операция жасалган. Экинчи операцияны жасатуу үчүн аны 1-июнда Москва шаарындагы аскердик ооруканага которушкан.

Чек арадагы чырлар

Баткендеги чек арада чыккан жаңжалдардан улам, бир нече кыргыз аскерлери жарадар болуп, каза тапкан учурлар бар.

Үстүбүздөгү жылдын 6-августунда Эки-Таш аймагындагы Тажикстан тараптан белгисиз адамдар ыктымал мергенчилик куралдан кыргыз аскерин көздөй ок чыгарып, ал жоокердин колун тешип өткөн. Анын абалы «орточо оор» деп бааланган.

Ал эми мурдараак 2-июнда аталган аймакта Тажикстан тараптан белгисиз жарандар Ош — Исфана жолунда бара жаткан кыргызстандык айдоочуга бир нече жолу ок чыгарышканы маалым болгон. Мындан улам ал денесинен жеңил жараат алып, Самаркандек айылындагы ооруканага жеткирилген.

2019-жылдын сентябрында болсо кыргыз-тажик чек арасында чыккан чыр-чатакта аскер кызматкери Равшан Муминов курман болгон. Ага өлүмүнөн кийин «Эрдик» медалы тапшырылып, үй-бүлөсүнө турак жай сатып алуу үчүн 2 млн сом бөлүнгөн.

«Баары күйүп, күл болду». Кыргыз-тажик чек арасындагы чырда үйсүз калган Мажитовдордун окуясы