Орусия Кыргызстан менен аба каттамын жандантат

Орусия Кыргызстан менен аба каттамын 21-сентябрда жандантат. Орусиянын коронавируска каршы күрөшүү боюнча ыкчам штабы учактар жумасына бир жолу каттап турарын маалымдады.

Кыргызстан менен аба каттамдар жазында пандемиядан улам токтотулган. Ошол убактан бери көбүнчө кыргызстандыктар Орусиядан Кыргызстанга учак менен мекенине кайтып турган.

19-сентябрга карата, учактар Бишкектен Дубайга, Москвага, Стамбулга жана Амстердамга учуп, Бишкекке Екатеринбургдан, Москвадан, Санкт-Петербургдан, Новосибирсктен, Дубайдан жана Стамбулдан учуп келишти.

Кыргызстандын бийлиги чек арасын өлкөдө коронавирус жуктуруунун алгачкы учурлары катталганга чейин эле — марттын ортолорунда жапкан. Июлдун аягында Кыргызстан чек арага коюлган чектөөлөрдү акырындык менен ала баштаган, анткени ал убакта көп өлкөлөрдө эпидемиологиялык кырдаал жакшыра баштаган. Бүгүнкү күндө Кыргызстанга кирүүгө 20дан ашык өлкөнүн жарандарына уруксат берилген.