Сутка ичинде коронавирус 81 адамдан аныкталды, каза тапкандар жок

Республикалык штаб сутка ичинде COVID-19 дагы 81 кыргызстандыкта аныкталганын кабарлады. Жуктургандардын көбү Жалал-Абад облусунда — 20 адам, Баткенде — 19. Ысы-Көл облусунда 14, Бишкекте 10 адам ооруга чалдыккан. Жуктургандардын дагы сегизи Ош облусунда, бешөө Чүй облусунда, үчөө Талас облусунда жана экөө Ошто аныкталган.

Анын ичинде жаңы жуктургандардын арасында Баткен облусундагы эки медик бар.

Ооруканадан 94 адам айыгып чыкты. Алардын ичинен 25и Баткен, 18и Чүй облустарында, Бишкекте 15, Ысык-Көл жана Жалад-Абад облустарында 12ден адам айыкты. Ош облусунда ооруканадан сегиз адам, ал эми Ошто эки адам чыгарылды. Нарын облусунда 2 адам сакайды.

Ооруканадан чыгарылгандардын арасында төрт медик бар.

Штаб каза тапкандар тууралуу кабарлаган жок.

Жалпысынан өлкөдө пандемия башталгандан бери оорунун 45 416 учуру катталды, алардын ичинен 1063 адам көз жумду. Анткен менен бул Саламаттык сактоо министрлигинин өзгөртүлгөн статистикасы, андан кошумча дарттардан, анын ичинде жүрөк оорусунан улам катталган 400дөн ашуун өлүм учуру алынып салынган. Ошол эле кезде министрлик статистиканы ДССУнун ыкмасы боюнча кайрадан эсептеп чыгууну убада кылган. ДССУнун ыкмасы боюнча, өлүмдүн башкы себеби болуп кошумча дарттар эмес, коронавирус эсептелет.