Өлкөдө COVID-19дун жаңы 55 учуру катталды — анын дээрлик жарымы Баткен облусунда

Республикалык штабтан 21-сентябрда коронавирустун жаңы 55 учуру катталганын кабарлашты.

Аймактар боюнча:

Баткен облусу — 25;

Бишкек шаары — 8;

Ош облусу — 7;

Талас облусу — 5;

Жалал-Абад облусу — 4;

Ысык-Көл облусу — 2;

Нарын облусу — 2;

Чүй облусу — 1;

Ош шаарында — 1.

Мындан сырткары өткөн суткада илдеттен 104 бейтап айыкты.

Коронавирустан айыккандардын эң көбү Бишкек шаарында катталды — 68. Ошондой эле, Баткен облусунда — 24, Жалал-Абад облусунда тогуз, Ысык-Көл облусунда эки жана Ош облусунда бир бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылды.

Ушуну менен Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын саны 45 471ге жетти. Алардын ичинен 41 682 бейтап айыкты — бул жалпы оорулуулардын 91 пайызы. Мындан сырткары COVID-19дан 1 063 киши көз жумду.

Бүгүнкү күндө илдеттен 554 бейтап ооруканаларда дарыланып жатат. Ошондой эле, 1 725 киши үй шартында дарыланууда.

Андан сырткары Ош облусунда эки жана Бишкек шаарында бир медкызматкерден коронавирус инфекциясы аныкталды. Ошондой эле өткөн суткада 21 медик коронавирустан айыкты — алардын 15и үй шартында дарыланган. Жалпысынан COVID-19ду 3 202 медик жуктуруп, алардын 2 822си оорудан сакайган.

Саламаттык сактоо министрлиги илдеттен 71 медкызматкер каза болгонун моюндады.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.