Базар-Коргон: Айыл өкмөт башчы «Мекеним Кыргызстандын» үгүт иш-чарасына катышты

Соцтармактарда Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Сейдикум айыл өкмөтүнүн башчысы Эркинбек Дөөлөталиевдин «Мекеним Кыргызстан» партиясынын үгүт иш-чарасында катышкан сүрөтү тарады. Колдонуучулар айыл өкмөт башчысынын мыйзамга каршы жоругун сынга алышты.

Эмне үчүн бул туура эмес?

«Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат» жөнүндөгү мыйзамга ылайык, мамлекеттик кызматкерлерге шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышууга жана үгүттөөгө тыюу салынган.

Мындан сырткары партия жолугушууну аталган айыл өкмөттүн Жашленин айылындагы №49 мектебинде өткөргөн. Мыйзам боюнча үгүт иш-чараларын билим берүү мекемелеринде өткөрүүгө тыюу салынат.

Аталган партия буга чейин да үгүт иш-чараларын өткөрүү эрежесин бузган — партиянын талапкерлеринин бири 20-сентябрда үгүт жолугушууну Өзгөн районунун Мырзаке айылындагы Абдылда Калмурзаев атындагы мектептин короосунда өткөргөн.

«Отургучка гана отуруп коюпмун, үгүттөө үчүн барган эмесмин»

Айыл өкмөт башчысы Эркинбек Дөөталиев «Клоопко» иш-чарага катышканын тастыктады. Ал жолугушууга үгүттөө үчүн эмес, коопсуздукту кароо үчүн баргам дейт.

«Бизге бир эле “Мекеним Кыргызстан” эмес, баардык партиялар “келип, элдин коопсуздугун карап бериңиз, ызы-чуу чыгып кетпесин” деп кайрылат. Мен ошол максатта эле баргам, ал жерде болгону гана ошол отургучка отуруп калыпмын. Негизи отурганда эле бекер отурдум деп ойлогом», — деди ал.

Ал эми үгүт-жолугушуусунун мектепте өткөндүгү боюнча Дөөталиев иш-чараны ал барганга чейин уюштуруп коюшканын айтты.

«Мен башка жакта жүргөм. Алар мен барганча уюшутуруп алышкан экен. Токтотуу боюнча эми мындан ары эске алабыз», — деди айыл өкмөт башчы.

Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясынан бул окуя боюнча комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

«Мекеним Кыргызстан» партиясы Кыргызстандагы таасирлүү делген Матраимовдордун үй-бүлөсүнө таандык деп айтылып келет. Партиянын тизмесинде депутат Искендер Матраимов, аларга таандык «Исмаил Матраимов» атындагы фонддун өкүлү Элнура Алканова жана алардын адвокаты Канатбек Азиз да бар.

Парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага 16 партия ат салышууда. Ал эми үгүт иштери 3-октябрда аяктайт.