Чүй облусунда эки адам 13 жашар баланын колунан бычак жеп жарадар болду

Чүй ОИИБнин басма сөз кызматы «Клоопко» билдиргендей, Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Жээк айылында 13 жашар бала эки кишиге бычак менен кол салды.

Ошол эле учурда басма сөз кызмат айылда жапырт мушташ орун алганы тууралуу маалыматты чындыкка коошпойт деп кабарлады.

Окуя 20-сентябрда орун алган. Жээк айлынын тургуну уулунун туулган күнүнө карата көчөдө кошунасы менен ичимдик ичип отуруп, алардын ортосунда уруш чыгып, андан ары чыр үйдө уланган.

Андан кийин үй ээси менен кошунан ортосунда коноктор келген учурда кармашуу болуп, натыйжада үй кожоюнунун уулу 26 жана 32 жаштагы меймандарга бычак сайган.

Жабыркагандардын бири ооруканага жеткирилип, экинчисине жеринде жардам көрсөтүлгөн.

Милиция окуяны «Бейбашчылык» беренеси менен КЖБРге каттап, Ысык-Ата РИИБи иликтөө жүргүзүүдө.

Милициядан айылда белгисиз адамдар бир нече унаанын айнектерин талкалап кетишкенин да кабарлап, бул факт да КЖБРге катталганын кошумчалашты. Учурда милиция окуянын бардык чоо-жайын аныктап жатат.

Башкы сүрөт иллюстративдүү.