Кыргызстанда COVID-19га дагы 88 киши чалдыкты — жалпы 45 630 учур

Сүрөт: Саламаттык сактоо министрлиги

Республикалык штаб 23-сентябрга карата COVID-19дун жаңы 88 учуру катталганын маалымдады. Илдетке чалдыккандардын арасында беш медкызматкер бар.

Аймактар боюнча:

Баткен облусу — 29 (3 медкызматкер);

Ош облусу — 24 (1 медкызматкер);

Бишкек шаары — 9 (1 медкызматкер);

Жалал-Абад облусу — 8;

Чүй облусу — 8;

Ысык-Көл облусу — 5;

Талас облусу — 3;

Нарын облусу — 1;

Ош шаары — 1.

Ошондой эле акыркы суткада коронавирустан 108 бейтап айыкты. Сакайгандардын арасында 27 медик бар — алардын 23ү үй шартында дарыланышкан.

Коронавирустан айыккандардын эң көбү Ош облусунда катталды — 31. Ошондой эле Баткен облусунда — 15, Ысык-Көл облусунда — 13, Жалал-Абад облусунда — 12, Ош шаарында — 11, Бишкек шаарында жана Чүй облусунда ондон, Талас облусунда төрт жана Нарын облусунда эки бейтап сакайып, ооруканалардан чыгарылды.

Ушуну менен Кыргызстанда коронавирусту жуктургандардын саны 45 630га жетти. Алардын ичинен 41 904 бейтап айыгып, 1 063 киши көз жумду.

Бүгүнкү күндө коронавирустан 539 бейтап ооруканаларда дарыланып жатат. Ошондой эле 1 677 киши үй шартында дарыланууда.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.