«Мекеним Кыргызстандан» тогуз киши чыгып кетти

Партиянын алдынкы тизмеси

«Мекеним Кыргызстан» партиясынын тизмесинен 22-сентябрда 9 киши чыгып кетти. Бул тууралуу «Клоопко» БШКнын басма сөз катчысы Марина Гречанная билдирди.

Тизмеден чыккандардын арасында 8 аял бир эркек киши бар. Алар:

57-тизмеде бараткан Ош облусундагы Араван районунун Тепе-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы Хамракул Жаныкулов;

112-тизмеде бараткан мурдагы депутат жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Лунара Мамытова;

121-тизмедеги Малика Ахметова;

150-Сайкал Калиева;

180-Алина Шакирова;

187-Гүлжамал Таирова;

193-Мадина Абдыкадырова;

198-Сабина Айтиева жана 200-Бермет Касымовалар тизмеден өздөрү арыз жазып чыгып кеткен.

Талапкерлердин өздөрү менен байланышууга мүмкүн болгон жок, ошондой эле партия бул боюнча расмий билдирүү тарата элек.

БШКнын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекмаматовдун айтымында, чыгып кеткендердин ордуна башка талапкерлер келсе болот, ошондой эле аялдар жок болсо эркектерге да келүүгө мүмкүн.

Мыйзам боюнча, депутаттыка талапкерелрдин тизмесин түзүүдө бир нече квота сакталууга тийиш — гендердик квотага өзгөчө көңүл бурулат. Ага ылайык талапкерлердин кеминде үчтөн бир бөлүгү аял кишилер болушу керек.