«Азыр тумшугуңду жарам». Түз эфирде Сыймык Жапыкеев менен Акбөкөн Таштанбеков айтыша кетти

ЭлТР телеканалындагы дебат. Сүрөттө сыймык Жапыкеев менен Акбөкөн Таштанбеков

«Чоң Казат» партиясынын мүчөсү Сыймык Жапыкеев ЭлТР телеканалынын түз эфириндеги дебатта «Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясынын» лидери Акбөкөн Таштанбековдун аялы 22 млн сом салык төлөбөгөнү үчүн учурда Свердлов райондук сотунда соттошуп жатканын айтты.

Таштанбеков жубайына 14 жылдан кийин иш козголгонун белгилеп, бирок, айтылып жаткан сумма туумдарды кошкондо 9 млн сом гана экенин билдирди.

«2006-жылы салыктан качты деп 14 жылдан кийин жок салыктарга бүгүнкү күндө иш козголуп жатат. Туумдарды кошкондо 9 млн сом», — деди ал.

Жапыкеев Таштанбековду дебатта салык тууралуу айтардан мурун карызын төлөшү керектигин эскертти.

Чоң Казаттын мүчөсү андан сырткары Таштанбеков Бишкектин чок ортосундагы мурдагы фабриканын имаратын менчиктеп алып, учурда ал жак «С легким паром» деген беш кабаттуу мончо экенин билдирди.

Өз кезегинде Таштанбеков ал жакты менчиктештирбегенин айтты.

«Биринчиден мен менчиктештирген жокмун. 1240 акционерибиз бар. Ошонун бирөө менмин», — деди ал.

Дебат учурунда Акбөкөн Таштанбеков Сыймык Жапыкеевди башка бирөөлөрдүн акчасы менен шайлоого келе жатканын айтты. Бирок мындай айыптоону Жапыкеев кескин четке какты.

- Сен бирөөнүн акчасы менен келе жатасың.

- Кайсы акча? Сиз өзүңүздү карап алыңызчы.

- Мен сага тетигелер эмесмин. Азыр тумшугуңду жарам. Болду Сыймык… Эшикке чыгып эркекче сүйлөшөлү.

Тараптардын кайым айтышына алып баруучулар аралашып, дебаттын эрежелерин сактоого чакырды. Бирок алар ага көнбөй бири-биринин дарегине сөз айтууга үлгүрдү.

- Эй болду, уктуңбу? Эй оорукчан...

- Мен оорукчан эмесмин, юстициянын полковнигимин

- Каяктагы полковник…

Буга чейин Сыймык Жапыкеев журналист Канышай Мамыркулова уюштурган теле дебатта «Кырк чорону» бийликтин долбоору деп атап, Замир Көчөрбаев менен жакалашып кете жаздаган.

Жапыкеев эл оозуна Кумтөр кениндеги мыйзамсыз иштерди айтып чыккандан кийин алына баштаган. Ошондой эле, депутат Кубанычбек Жумалиевдин байлыктары тууралуу да айтып чыккан. Анын билдирүүсүнөн кийин финпол депутаттын мал-мүлкүн текшерген. Акыркы убакта ал «Чоң Казат» партиясынын активдүү мүчөсү.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Жогорку Кеңештеги 120 орун үчүн 16 партия ат салышууда.

Учурда телеканалдарда партия өкүлдөрүнүн дебаттары өтүп жатат. 28-сентябрдан тарта КТРКда шайлоого аттанып жаткан партия лидерлеринин теледебаттары түз эфирде болот. Буга чейин партиянын жаштар канатынын өкүлдөрү, аял талапкерлердин дебаты өттү.