Блогер, журналист Канышай Мамыркулованын Ютубдагы түз эфиринен алынган скриншот

Блогер, журналист Канышай Мамыркулованын 15-сентябрда Ютубдагы түз эфиринде «Чоң Казат» партиясынан талапкер Сыймык Жапыкеев менен «Баарына каршы элдик кыймылынын» тең төрагасы Замир Көчөрбаев алгач айтышып, кийин жакалашып кете жаздады. Аларды студиядагылар ажыратып калышкан.

Алардын талашы башталган учурда микрофондор өчүп калган. Андыктан бири-бирине эмне деп кыйкырганын түшүнүү кыйын. Журналист депутаттыкка талапкер Жапыкеевди тынчтандырууга кылган аракетинен майнап чыккан эмес.

Блогер Мамыркулова «Клоопко» курган маегинде тараптардын талашы эмнеден улам чыкканын айтып берди.

«Сыймык Жапыкеев Замир Көчөрбаевди “бийликтин долбоорусуңар” деп койгондон улам талаш чыкты көрүнөт. Алар түз эфир башталганга чейин эле бири-бирине каршы болуп жаткан», — деди ал.

Мамыркулова ошондой эле, алгач эфирге «Чоң Казаттын» атынан Азат Осмонов келгенин, бирок аны менен чогуу Жапыкеев дагы келгендиктен ага «сиз сөз баштап бериңиз» деп сөз берилген дейт.

Талкуунун башында Сыймык Жапыкеев Замир Көчөрбаев учурунда «Кырк чоронун» курамында жүргөнүн айтып, «аталган кыймыл жарытылуу иш жасабай кырк чоронун баркын кетирген» деп белгилеген.

Замир Көчөрбаевдин аты буга чейин «Кырк чоро» кыймылы менен ЖМКларда аталган. Мисалы кыймылдын мүчөлөрү былтыр 8-мартта тынчтык жүрүшүнө чыккандарга тоскоолдук кылышкан. Ага чейин феминисттер менен ЛГБТ коомунун мүчөлөрүнө кол салышкан.

Ал эми Сыймык Жапыкеев эл оозуна Кумтөр кениндеги мыйзамсыз иштерди айтып чыккандан кийин алына баштаган. Ошондой эле, депутат Кубанычбек Жумалиевдин байлыктары тууралуу да айтып чыккан. Анын билдирүүсүнөн кийин финпол депутаттын мал-мүлкүн текшерген. Акыркы убакта ал «Чоң Казат» партиясынын активдүү мүчөсү.

«Чоң Казат» кыймылын таасирлүү деп эсептелген Матраимовдордун үй-бүлөсү менен байланыштуу деп көп шек санашат. Матраимовдордун үй-бүлөсү «Клооп», «Азаттык» жана OCCRPнин журналисттеринин иликтөөсүнүн фигуранты. Бирок кыймылдын мүчөлөрү бул кланга кандайдыр бир байланышы бар экенин четке кагышат.