Башкыртстанда калган кыргызстандыктар Казакстан аркылуу алып келинет

Сүрөт: Куюргазин районунун администрациясы

Орусиянын Башкыртстан Республикасында калган миңдеген кыргызстандыктарга Казакстан аркылуу мекенине кайтууга уруксат берилди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги 23-сентябрда кабарлады.

ТИМдин маалыматына ылайык, учурда орус-казак чек арасында 3,2 миңден ашуун кыргызстандык турат. Алар 24-25-сентябрда эки этап менен алып келинет. Мигранттар алгач Оренбург облусунун Соль-Илецк шаарына, андан ары Казакстанга өткөрүлөт.

Ошол эле учурда министрлик бул бир жолу жасалчу «акция» экенин белгилеп, орус-казак чек арасы дагы деле жабык экенин эскертти.

Буга чейин кыргызстандыктар орус-казак чек арасында чогулуп баштаганы тууралуу Башкыртстандын Куюргазин районунун администрациясы 17-сентябрда кабарлаган. Кыргызстандыктар Москва, Санкт-Петербург жана Челябинск шаарларынан келгени белгилүү болду.

«Бүгүнкү күндө биз Башкирия Республикасынын Оренбургга жетпеген чегинде турабыз. Бул жерге биз келгенибизге, Кудай буюрса, алты-жети күндүн жүзү болот. Буга чейин эч кандай шарт болгон эмес, бирок үч күндөн бери шарттарды түзүп беришти. Жергиликтүү администрациянын аракети менен “чатыр шаарчасы” түзүлүп, ошол чатырларга аял кишилер, боюнда бар аялдар, оорукчандар жана кары-картаңдар жатышат. Калгандар болсо тиги автобустарда жайгашкан. Биздин маселени тез аранын ичинде карап, бизди Кыргызстанга алып өтүүгө кандайдыр бир шарттарды түзүп берсеңиздер жакшы болот эле», — деп кыргызстандык мигранттардын бири кайрылган.

Орус-казак чек арасына келген кыргызстандыктардын кээбирлери элчиликтин «Куба» аттуу кызматкерине ишенип келишкенин айткан. Бирок ал киши жок болуп кеткендиктен 22 кыргызстандык элчиликке арыз менен кайрылышкан.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги ал Кубанычбек Жээнкулов экенин аныктап, ал мекемеге эч кандай тиешеси жоктугун билдирген. Ошондой эле Жээнкулов ар бир мигранттан Кыргызстанга кайтарууга «көмөк көрсөтүү үчүн» 7 миң рублдан алганы белгилүү болду.

Коронавирус пандемиясы башталгандан тарта Орусия жана Казакстандын чек аралары жабылып, миңдеген кыргызстандыктар мекенине кайта албай калышкан. Кыргызстанга кайтууну көздөгөн мигранттар орус-казак чек арасында жайгашкан Соль-Илецк жана Бузулук шаарларында чогула баштаган.

Бир ай мурун ТИМ Оренбург облусунда калган 2,5 миң кыргызстандыкты Казакстан аркылуу алып келген. Ал эми март айынан бери Орусиядан Кыргызстанга 40 миңден ашуун жаран кайткан.