Оренбургдан дээрлик 2,5 миң кыргызстандык мекенине келе жатат

Коронавируска каршы күрөшүү боюнча Республикалык штаб билдиргендей, кыргызстандыктарды Орусиянын Оренбург облусунан алып келүү үчүн Кыргызстан менен Казакстан кезектеги транзиттик коридор уюштуруу боюнча макулдашышты.

Штабдын маалыматы боюнча, кыргызстандыктар мекенине автобус менен алып келинет, ал бир нече этап менен ишке ашат.

1101 кыргыз жаранын алып келаткан 20 автобустан турган биринчи колонна 4-август күнү кечинде жолго чыккан. 1356 жаран бар 23 автобустан турган экинчи колонна 5-августта жолго чыкты.

«ТИМ Орусиянын аймагындагы кыргыз жарандарын, Орусия менен Казакстандын мамлекеттик чек арасына чек ара ачылганга чейин барбоого чакырат. Ошондой эле, Орусия менен Казакстандын чек арасында кезектеги мекендештердин топтолуусун алдын алуу үчүн, Кыргызстанга Орусиянын Москва, Новосибирск жана Екатеринбург шаарларынан уча турган чартердик каттамдардын саны көбөйтүлөт», — деп штабдан билдиришти .

Бул орус-казак чек арасы жабылгандан кийин Оренбург облусунда чогулган мигранттардын алгачкы тобу эмес.

Май айында Орусиянын Казакстан менен чектеш жайгашкан Оренбург облусундагы Соль-Илецк шаарынан 500дөн ашуун адам чыгарылган. Казакстан Кыргызстанга кетүү боюнча транспорттук коридор ачат деген маалымат пайда болгондуктан, ал жакка Орусиянын бардык аймактарынан кыргызстандыктар чогула баштаган.

6-июлда Соль-Илецктен мекенине 1 496 кыргызстандык кайтып келген. Алардын баары Кыргызстандын бийлиги берген автобустар менен келишкен. Чек арада кармалып калган жарандар Орусиядан Казакстанга кетчү жолдун боюндагы чатыр лагерлеринде жашашкан.