Кадамжай: «Республика» «акча тараткан» штаб башчысына тиешеси жок экенин билдирди

«Республика» саясий партиясынын Кадамжайдагы үгүт иш-чарасы

24-сентябрда «Республика» партиясынын басма сөз кызматы Кадамжай районундагы аталган партиянын штаб башчысы тургундарга акча «тараткан» окуяга тиешеси жоктугун билдирди.

Ошондой эле, «Республиканын» Кадамжай районундагы штаб башчысы деп өзүн тааныштырган киши партия менен эч кандай кызматташуу боюнча келишим түзгөн эмес. Бирок партия акча таратууга шектелген киши «Республиканын» тизмесиндеги талапкерлердин биринин досу экенин белгилеген. Ал «Республиканын» үгүт иш-чарасына тургундарды алып келүүнү өзү демилгелеп, автотранспорт уюштурган.

Буга чейин мындан бир күн мурун социалдык тармактарга «Республика» саясий партиясынын иш-чарасынан кийин акча таратып жаткан кишинин видеосу тараган. Тасмада акча тараткан киши өзүн «Республика» партиясынын Кадамжайдагы штаб башчысы Мойдун Калыков деп тааныштырган.

Видеодон Калыковдун «…мен эми ушу менен камалып кетпесем болду...» деген сөздөрүн дагы угууга болот. Кийинчерээк өзүн милиция кызматкеримин деп тааныштырган киши Калыковдон акчаны эмне максатта таркатып жаткандыгын сураганда, ал жолугушууга келген тургундарга жол кире үчүн берип жатканын айткан.

Көп өтпөй Мойдун Калыков суракка чакырылган. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу» беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Учурда тергөө амалдары уланууда. 

Тема боюнча:

Кадамжай: «Республиканын» «акча тараткан» штаб башчысы суракка чакырылды