Кадамжай: «Республиканын» «акча тараткан» штаб башчысы суракка чакырылды

«Республика» саясий партиясынын Кадамжайдагы үгүт иш-чарасы.

Социалдык тармактарга 23-сентябрда «Республика» саясий партиясынын иш-чарасынан кийин акча таратып жаткан кишинин видеосу тарады. Тасмада акча тараткан киши өзүн штаб башчысы Мойдун Калыков деп тааныштырган.

«...мындан кийин иштебей эле коет окшойм, аз гана акча берип коюп… мен эми ушу менен камалып кетпесем болду...», — деп Калыковдун акча санаганча сүйлөгөнүн угууга болот.

Видеодо бир нече кишинин к олуна акча санап берген. Кийинчерээк өзүн милицияданмын деп тааныштырган киши Калыковдон акчаны эмне максатта таркатып жаткандыгын сураган.

«Мен Мойдун Калыковмун. Акчаны буларга жол киреси үчүн берип жатам. Булар алыстан бекер келмек беле? Мына кара [жазган дептерин ачып көрсөтүп] 200, 400, 600 сомдон адам санына жараша берип жатам», — деген Калыков.

«Элдик Медиа» тартуулайт:«Республика» партиясынын өкүлү шайлоого карата элге АКЧА таратып жаткан видео тарады»Оюнуздар комментарийде болушунуз!Максималдуу репост!!!

Posted by Искен Афиджанов on Tuesday, September 22, 2020

Баткен облусунун ички иштер башкармалыгы басма сөз катчысы Дамира Юсупова бул окуя боюнча 23-сентябрда «Республика» саясий партиясынын Кадамжай районундагы штаб башчысы Мойдун Калыков суракка чакырылыганын билдирди.

Юсупованын айтымында, мындан бир күн мурун Кадамжай шаарынын Жолдошбек Мамажанов атындагы маданият үйүнүн алдында «Республика» партиясынын талапкерлери тургундар менен жолугушкан.

«Жолугушуудан кийин ага келген адамдарга штаб башчысы акча таркатканы ички иштер башкармалыгына белгилүү болгон», — деди «Клоопко» Юсупова.

Бул факт Кылымыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу» беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Буга чейин августтун аягында социалдык тармактарда белгисиз адамдар телефон аркылуу шайлоочулардын добушун сатып алууга аракет жасап жатканы тууралуу аудиожазуу тараган. Аудиожазуудагы Тамара аттуу аял Нарын облусундагы Кочкор районунун шайлоочуларды Бишкекке форма №2 менен каттатып, алар «Мекеним Кыргызстан» партиясына добуш бергени үчүн 2 миң сомдон бериле турганын айткан. Боршайком бул маалыматты карап чыгаарын убадалаган.

Парламенттик шайлоо Кыргызстанда 4-октябрга белгиленген. БШК 16 партияны каттады.