«Кайрадан баары жабылып, карантин кирет» — Ысык-Көлдүн башчысы Балбак Түлөбаев COVID-19дун экинчи толкуну тууралуу

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Балбак Түлөбаев фейсбук барагында коронавирустун экинчи толкунунан улам кайрадан карантин киргизилиши мүмкүн экенин эскертти.

«Учурда [коронавирус учурлары] көбөйө баштады, октябрдан тарта күчөйт, ал эми ноябрда кырдаал кайрадан кыйындайт. Муну жайында эпидемия жердин түштүк жарым шарында тараганы тастыктайт — бул маалда ал жакта кыш болчу», — деп жазды ал.

Ошондой эле, Түлөбаев «ооруну жуктуруп албоо» үчүн беткап тагынып жүрүүгө чакырды. Анын айтымында, беткап тагынуу — коронавирус жуктуруунун алдын алуучу жалгыз коргоочу ыкма.

«Эсиңерде болсун — кайрадан чек аралар жабылып, карантин чаралары күчөтүлөт. Олуттуу мамиле кылууга чакырам. Биздин негизги милдетибиз — көп өлчөмдө жугузуп алуудан сактануу. Андыктан өзүңөр азыраак жуктуруп, кудай бетин ары кылсын ооруп жаткан болсоңуз айлана-чөйрөгө азыраак вирус таратуу үчүн беткап кийүү керек», — деп кошумчалады Түлөбаев.

Балбак Түлөбаев Бишкек мэриясынын аппарат жетекчиси кызматында турганда дагы, коронавирус илдетинин олуттуу коркунучу тууралуу көп жолу айтып келген.

25-июнда борбор калаада эпидемиологиялык кырдаал начарлап кеткенде ал жарандарга үйдө отурууга, беткап тагынып жүрүүгө жана аралыкты сактоого чакырган.

Республикалык штабдын маалыматы боюнча, 25-сентябрга карата Кырыгзстанда COVID-19га чалдыккандардын саны 45 932 адамга жетти. Пандемиянын башынан бери ооруканалардан 42 147 бейтап айыгып чыкты. Коронавирус жана ооруканадан тышкары пневмониядан 1 063 бейтап каза болду.