Орусияда коронавируска байланыштуу чет элдиктердин жүрүү мөөнөтү узартылды

РБК басылмасы маалымдагандай, Орусиянын президенти Владимир Путин чет элдиктерге жана жарандыгы жок адамдарга өлкөдө 15-декабрга чейин калууга уруксат берген жарлыкка кол койду.

«Мындай чечим коронавирус пандемиясы маалында Орусиядагы чет өлкөнүн жарандарын жана жарандыгы жок адамдардын укуктук абалын жөнгө салуу зарылдыгына байланыштуу», — деп айтылат билдирүүдө.

Мындан тышкары, документте Орусиядан күч колдонуп чыгаруу өкүмү чыккан чет элдиктердин өз каалоосу менен чыгып кетүү мөөнөтү убактылуу токтотулганы жазылган. Андан сырткары Путиндин чечимине ылайык, тек-жайын тастыктоочу документинин мөөнөтү 14-марттан тартып бүткөн жарандар өлкөдөн эркин чыгып кете алышат.

Мындай жеңилдиктерди Путин 2020-жылдын март айында кабыл алган. Анда чет элдиктер Орусиянын аймагында 15-марттан 15-июнга чейин виза жана башка документтерин узартпастан жүрүүгө уруксаат берилген.

COVID-19 пандемиясынан улам чек аралар жабылганына байланыштуу Орусияда туруктуу жашаган 800 миңдей Кыргызстандын жарандары мекенине кайтып келе алышкан эмес.

Орусия өкмөтү тарабынан берилген жеңилдиктерден улам кыргызстандыктар жашап туруу үчүн, мөөнөтү бүткөн документтери жана визалары үчүн айып төлөөдөн кутулушкан.