Видео: Ноокатта тургунду ашата сөккөн инспектор боюнча кызматтык иликтөө башталды

Блогер Азамат Ормокеев 23-сентябрда инстаграм баракчасына видео жүктөдү. Анда инспектор оозго алгыс сөздөр менен сөгүнүп жатканы тартылып калган.

Видео качан тартылганы белгисиз, бирок окуя Ош облусунун Ноокат районунда болгону айтылат. Анда бир нече тургундар топтолуп турганын, ал эми инспектор алардын бирине кайрылып ашата сөгүп жатканын көрүүгө болот.

«Көтүңдү айрып, башыңа кийгизип коём “нахуй” азыр эй. Көтүңдү кысып ишиңди кылсаң кеч киргенде. Көтүңдү айрып коём, пацан. Хуй барбы саат 7де, өкмөттүн талабын бузуп жатасың» — деген ал.

Инспектор тургун менен так эмне үчүн айтышып жатканы белгисиз. Бирок ал ага саат жетиден кийин баардык жер жабылаарын, өкмөттүн ушундай токтому бар экенин айткан.

Ош облустук ЖКККБнын басма сөз катчысы Алтынбек Теңизбаев окуя боюнча ИИМдин ички иликтөө бөлүмү кызматтык териштирүү жүргүзүп жатканын билдирди.

«Окуя качан, кайсы убакта жана кандай жагдайда болгону такталып жатат. Анын жыйынтыгы боюнча кызматтык текшерүүдөн кийин маалымат беребиз», — деди ал.