Атамбаев: «Жээнбеков-Матраимов кландары каржылаган партияларга добуш бербегиле!»

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев парламенттик шайлоонун алдында мекендештерине кайрылуу жасады. Бул тууралуу «Клоопко» анын адвокаты Замир Жоошев билдирди. Учурда Атамбаев УКМКнын тергөө абагында отурат — ал алты кылмыш иши боюнча айыпталуучу катары өтүүдө.

Атамбаев кыргызстандыктарды ойлонуп, таразалап тандоо кылууга жана башкаруучу партиялардын үй-бүлөлүк, кландык режимин колдобоого чакырды.

«Жээнбеков-Матраимов кландары каржылаган, бийликти колдогон, “чимкириктерге” толгон партияларга добуш бербегиле! Акчага канчалык муктаж болсоңор да добушуңарды сатпагыла! Мекенибиздин, элибиздин келечегин сатпагыла!» — деп жазды мурдагы президент.

*«Биримдик» партиясын учурдагы президент Сооронбай Жээнбеков жана анын иниси депутат Асылбек Жээнбековдун үй-бүлөсү менен байланыштырышат. Бажы башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун агасы Искендер Матраимов шайлоого талапкерлигин «Мекеним Кыргызстан» партиясынан койгон.

Ошондой эле ал шайлоочуларды «баарына каршы» добуш бербөөгө да чакырды.

«Көптөгөн мекендештерим каршылык билдирүү катары “баарына каршы” добуш бергиси келип атканын да билем. Анткени бийликке нааразы добуштардын канчалык көбү “баарына каршыга” кетсе, ошончолук бийликке ыраазылардын добуштары салмактуу болуп калат. Ошончолук көп “чимкириктер” депутаттык мандатка ээ болот», — деп эсептейт Атамбаев.

Ал эми жеке тандоосун мурдагы президент «белгилүү» деп атаган — ал «оппозициячыл» «Социал-демократтар» партиясын колдойт. Ал аны «Жээнбеков-Матраимовдордун үй-бүлөлүк-кландык режимине каршы ачык күрөшкө аттанган» жападан-жалгыз саясий партия деп эсептейт.

«Мен бул шайлоодо “Социал-демократтар” партиясын колдойм, анткени мени сатпаган эски партиялаштарым, санаалаштарым, пикирлештерим бул шайлоодо “Социал-демократтар” менен чогуу баратат. Тунгуч уулум Сеидбек партиянын төрагасы болуп шайланып, “КСДП” менен атайын келишим түзүлдү», — деп түшүндүрдү ал өзүнүн позициясын.

Мурдагы президент эгер парламентте күчтүү оппозиция болбосо, анда «жада калса эң алсыз» президент да тез эле авторитардуу башчыга айланып кете алат деп билдирди.

«Өлкөдөгү азыркы кырдаал дал ушундай. “Чимкириктердин” жардамы менен Сооронбай Жээнбеков эч бир идеясы жок, стратегиясы жок, жеке кызыкчылыктарга алдырган мансапкорго айланып, өлкөбүздө кайрадан үй-бүлөлүк, кландык башкарууну орнотту», — деп эсептейт Атамбаев.

Атамбаевге каршы иштер

Атамбаев 2019-жылы 9-августта кармалган — ошол күндөн бери ал пневмониянын айынан ооруканага которулуп турганы болбосо камакта эле болууда. 2020-жылдын аралыгында соттор Атамбаевди кримтобөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулганына байланыштуу иш боюнча «Коррупция» беренеси менен күнөөлүү деп табышкан. Мурдагы өлкө башчысына 11 жыл абак мөөнөтү берилген.

Жакында эле ага дагы төрт иш боюнча айыптар тагылды:

  1. Кой-Таш айылындагы жер участогун сатып алуудагы коррупция. Атамбаев президенти болуп турганда ал жакта анын резиденциясы турган;
  2. ЖЭБди жаңыртуудагы коррупция;
  3. Терек-Сай кен жерин иштетүүгө мыйзамсыз лицензия берүүдөгү коррупция;
  4. «Форум» МЭПФын сатууда кылмыштуу кирешелерди адалдаштыруу.

Атамбаев шектүү катары өтүп жаткан алтынчы иш ага 2019-жылдын августунда Кой-Таш окуясы учурунда бийликти басып алууга аракеттенүү боюнча козголгон. Ал кезде Атамбаев Батукаевдин иши боюнча сурактарга баруудан баш тартканы үчүн күч түзүмдөрү анын резиденциясын штурмга алып, натыйжада кармап кетишкен.

Келе жаткан парламенттик шайлоодо Атамбаевдин уулдары — Кадыр жана Сеид катышууда. Алар шайлоого атасынын тарапташтарын да кошо алып барышууда. Алардын партиясы «Социал Демократтар» деп аталат. Бирок, партиянын эн белгисинен — «А» тамгасын, үгүт плакаттарында Алмазбек Атамбаевдин сүрөтүн көрүүгө болот. Партия өзүн Сооронбай Жээнбековдун башкаруу учурундагы «жалгыз оппозиция» деп эсептейт.

Жээнбеков — Атамбаевдин мураскери. Мурдагы президент аны досум деп атап, президенттик шайлоодо анын талапкерлигин сүрөмөлөп турган. Шайлоодон кийин эки лидердин мамилеси бузулуп, Атамбаев койгон кадрлар кызматтарынан алынган жана аларга каршы антикоррупциялык кылмыш иштери башталган.