Ошто аялын сабаган кишиге 30 миң айып пул салынды

Иллюстративдик сүрөт

Ош шаардык соту 21-сентябрда аялын токмоктогон кишиге 30 миң сом айып пул салды. Өкүмдүн көчүрмөсү Сот актылары жана отурумдары порталында жарыяланды.

15-августта 24 жаштагы киши 23 жаштагы аялын сабаган. Айыпталуучу сотто күнөөсүн толугу менен моюндады.

Анын айтымында, окуя болгон күнү жарандык никеде жашаган жубайы курбусунун тоюна барып, телефонун өчүрүп койгонунан аны издегени чыккан. Ал жубайын борбордук аянттан таап, унаасына салганда экөөнүн ортосунда чыр чыккан — анын кесепетинен аялын башка-көзгө койгулап жиберген.

Жабырлануучу сотто күйөөсү бетке чаап, ичке тепкенин айткан. Ал машинадан түшүп качып баратканда күйөөсү кубалап жетип, чачтан сүйрөп үйүнө алып келгенин билдирген. Үйдөн дагы зомбулук көрсөтүп баштаганда кишинин энеси менен агасы аларды ажыратып калган.

Соттук-медициналык экспертиза аялдын денесине жеңил жаракат келтирилгенин аныктаган. Ал эми сот айыпталуучуну «Үй-бүлөдөгү зомбулук» беренеси менен күнөлүү деп тапкан.

Үй-бүлөлүк зомбулук

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча 2019-жылы Кыргызстан боюнча 6145 үй-бүлөлүк зомбулук катталган. Ал эми үй-бүлөлүк зомбулуктан эң көп аялдар жабыркаган — 5 659. Эркектердин саны дээрлик 11 эсе аз — 486.

Аталган фактылардын 649у Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталган. Анын төртөө «Киши өлтүрүү», 451и «ден соолукка оор жана оор эмес зыян келтирүү», алтоо «зордуктоо жана сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер» беренелери менен катталган. Калган 5496 факты Жоруктар жөнүндө кодексинде каралган беренелер менен каттоого алынган.

Эгер үй-бүлөдө ур-токмокко кабылсаңыз эмне кылыш керек?

Кыргызстанда ар бир төртүнчү аял үй-бүлөлүк зомбулукка кабылат. Өлкөдөгү аялдардын көпчүлүгү — 83 пайызы — бир жолу болсо да үй-бүлөдө психологиялык басмырлоого, уруп-согууга жана сексуалдык зомбулукка кабылган. Бул жөнүндө Кризистик борборлор ассоциациясынын изилдөөсүндө айтылат.

Эгер сиз үй-бүлөдө такай ур-токмоктон жабыркасаңыз же жакындарыңызда, тааныштарыңызда ушундай окуялар тууралуу билсеңиз, үй-бүлөлүк зомбулук тууралуу мыйзам боюнча милицияга кайрылсаңыз болот. Алар сиздин кайрылууңузду каттап, жабыркаган адамга корук кат бериши керек.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Чыда». Үй-бүлөдөгү зомбулук балдардын үмүтүн өчүрүп, тагдырын талкалайт