Саламаттык сактоо министрлиги кайрадан карантин киргизүү мүмкүндүгү тууралуу

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 28-сентябрда бирифингде коронавирустун жайылып жаткандыгынан улам кайрадан карантин киргизүү канчалык мүмкүндүү экендиги тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, карантиндин киргизилиши «ар бирибизден көз каранды».

«Өлкө масштабында карантинди киргизүү – жооптуу иш-чара, ал инфекциянын башталышында 1 жолу киргизилет. Бул саламаттык сактоо уюмдарын даярдоо үчүн киргизилет. Эми бардыгы санитардык-эпидемиологиялык ченемдерге – коомдо беткап тагынуу режимди жана социалдык аралыкты карманууга жараша көз каранды болот. Анда анча белгилүү эмес карантиндик чараларды болтурбоого болот», — деп билдирди саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев.

Ал кошумчалагандай, калктын бир бөлүгү «нормаларды сактабай жатат», ал эми экинчиси инфекция жуктуруп алуудан корккондуктан, эрежелерди сакташат.

Жарандардын санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоосу кайрадан «популярдуу эмес» чектөөлөрдү киргизүүдөн алыс болууга шарт түзөт.

Өзгөчө абал режими түрүндө катаал чектөөлөр айрым шаарлар менен Кыргызстандын калктуу конуштарында 25-мартта киргизилип, май айында жарым-жартылай алынган. Июнь-июль айларында бүткүл өлкө боюнча коронавирус жуктургандардын саны жогору каттала баштаган.

Учурда коронавирустан улам Баткен облусунда гана кайра баштан чектөөлөр киргизилип, ал жакта коомдук транспорт, мал базарлардын иши жана мечиттерде жума намаздар токтотулду.

Соңку эки аптада өлкөдө коронавирус жуктуруунун саны байкалаарлык өстү. Республикалык штаб күн сайын 100дөн ашуун адам жуктурганын кабарлоодо.

Ошол эле учурда, акыркы үч апта ичинде коронавирусу тастыкталган бейтаптардын арасында бир өлүм учуру гана катталган.